Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 23:26
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду Антикоррупциялык кеңешке байкоо салат

28.09.2021 17:00
542
Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду Антикоррупциялык кеңешке байкоо салат

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду президенттин алдында түзүлгөн Антикоррупциялык кеңештин курамына байкоочу катары үчүн мүчө болот. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, аталган фонд Антикоррупциялык кеңешке мүчө болгону менен маселелерди чечүүдө добуш бере албайт же тиешелүү токтомдорго кол коё албайт. Фонд белгилегендей, бүгүнкү күндө Антикоррупциялык кеңеши - бийлик, жарандык жана бизнес коомчулугунун диалог түзүү үчүн эффективдүү аянтча болуп саналат.


Кыргыз Республикасынын президентине караштуу антикоррупциялык ишкердик кеңешти түзүүнүн негизги максаты коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын өркүндөтүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча мамлекеттик бийлик органдары менен жарандык коомдун ортосундагы натыйжалуу диалогду камсыз кылуу. Ошондой эле бизнести өнүктүрүү, инвестициялык климатты жана ишкердик субъектилеринин ишин коргоо жана колдоо механизмдерин жакшыртуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү болуп эсептелет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн