Бүгүн, 20-октябрда президент Садыр Жапаров активисттер менен жолугушат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасын чечүү тууралуу маалымат берилет.
Ага активисттер жана жергиликтүү тургундар катышмакчы.
Буга чейин кыргыз-өзбек чек арасын чечүүдө Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга өтө турганы айтылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн