Бугу 04, 2024
Убакыт: 13:34
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кыргыз-өзбек чек арасы каралат. Эртең Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынына катышат

16.11.2022 16:08
255
Кыргыз-өзбек чек арасы каралат. Эртең Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынына катышат

Президент Жапаров эртең, 17-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынына катышат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.


Парламенттин жыйынында Министрлер Кабинетинин бир катар мүчөлөрү Мамлекет башчысынын жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда ант беришет.


Мындан тышкары, жыйында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара маселеси каралары күтүлүүдө.


Түз эфир УТРКнын, республикалык жана облустук каналдардын эфиринде, ошондой эле социалдык тармактардагы баракчаларында көрсөтүлөт.


Башталышы — 10:00.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн