Бугу 16, 2024
Убакыт: 04:16
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо боюнча жолугушуу өттү

08.03.2023 11:41
287
Кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо боюнча жолугушуу өттү

2023-жылдын 1-7-мартында Жалал-Абад шаарында Кыргызстандын жана Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын алдыдагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоонун уюштуруу-укуктук маселелерин макулдашуу боюнча жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү.


Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, макулдашылган графикке ылайык, тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелеринде биргелешкен талаа изилдөөлөрүн жүргүзүштү.


Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү.


Иш-чаранын жыйынтыгында Протоколго кол коюлду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн