Бугу 16, 2024
Убакыт: 18:02
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Кыргыз-сауд кызматташтыктыгын өнүктүрүү талкууланды

26.04.2022 08:46
518
Кыргыз-сауд кызматташтыктыгын өнүктүрүү талкууланды

Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Сауд Аравиянын КРдагы элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Радини кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин маалымат кызматы билдирет.


Билдирүүгө ылайык, тараптар кыргыз-сауд мамилелеринин актуалдуу маселелерин талкуулашты, биргелешкен күч-аракеттерди бийик жана жогорку деңгээлдеги өз ара иш-чараларды уюштуруу аркылуу саясий диалогду бекемдөөгө багыттоо, соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө дем берүү жана ушул жылы Эр-Рияд шаарында биргелешкен Өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүү тууралуу макулдашышты.


Министрдин орун басары А.Артыкбаев өз ара кызматташуунун келишимдик-укуктук базасын кеңейтүү, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды жогорулатуу жана инвестициялык кызматташтыкты активдештирүү боюнча биргелешкен чараларды көрүү зарылдыгына токтолду.


Жолугушуунун жүрүшүндө министрдин орун басары А.Артыкбаев сауд тарапка САП менен мамилелерди тескеген Төртүнчү саясий департаменттин жаңы директору Авазбек Атахановду тааныштырды.


Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-сауд мамилелерин чыңдоо максатында ишин улантууну макулдашышты жана келе жаткан Орозо айт майрамы менен (Ид аль-Фитр) куттукташты.


 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн