Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 07:07
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Кыргыз-тажик чек арасы жакында чечилеби?

19.11.2020 16:06
852
Кыргыз-тажик чек арасы жакында чечилеби?

КРнын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлады. 


Маалыматка ылайык, эки тарап чек ара маселесин тынчтык жолу менен документтердин негизинде чечүүнү жана чек арадагы абалды тынч кармоо тууралуу сүйлөштү. Ошондой эле тараптар эки өлкө ортосундагы стратегиялык байланыштарды калыптандыруу, саясий, соода-экономикалык жана энергетикалык байланыштарды бекемдөөнү талкуулашты. 


Чек араны тактоо маселесин эртелетип, эки тараптын катышуусунда комиссия түзүп делимитация жана деморкация проблемаларын чечүүнү колго алышты. 


Тажик тараптын демилгеси менен авиакаттам ачуу маселеси көтөрүлдү.

Жолугушуу соңунда эки тараптуу кызматташуу багытында келишимге кол коюшту. 

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Еми чечер Ташиев.Мурун мен чечем деп жугурчу еле го.