Бугу 17, 2024
Убакыт: 12:36
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан жаңжал чыгып, кыргыз бийлигинин өкүлүнүн унаасы таш бараңга алынды

30.07.2021 08:30
3800
Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан жаңжал чыгып, кыргыз бийлигинин өкүлүнүн унаасы таш бараңга алынды

Баткенде кыргыз-тажик чек арасында кайрадан жаңжал чыкты. Бул тууралуу жергиликтүү органдан билдирди.


29.07.2021-ж. саат 20.30 чамасында, Баткен районунун Таш-Тумшук жергилигинде ("Орто-Боз" заставасынын аймагы), Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сабиров, 29-30.04.2021-ж. окуяларында КР жарандарынын жабыркаган үйлөрүн, КР Президентинин Баткен облусундагы ЫУӨ орун басары М.Тулаевге жана облусту калыбына келтирүү боюнча өкүлү М. Рахимовго көрсөтүп, коштоп жүргөн учурда, ТР тараптан 15 чамасында жарандары келип, аталган аймак ТР караштуу экендигин айтышып, А.Сабировдун жаагына чабып жиберишкен. КР жарандары унаага отуруп жөнөй баштаганда, агрессивдүү маанайдагы ТР жарандары А.Сабировдун унаасынын арткы жана капталдагы айнегин таш менен уруп сындырышкан.


Орун алган окуя тууралуу маалымат, ТР Согди облусу боюнча чек ара өкүлүнө жеткирилди, териштирүү иштерин жүргүзүү боюнча талаптар коюлду.


Учурда милиция кызматкерлери иш жүргүзүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн