Бугу 19, 2024
Убакыт: 22:27
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргыз-тажик чек арасында түндө чыр чыкты. Тараптар бири-бирине таш ыргыткан

13.07.2021 11:04
1674
Кыргыз-тажик чек арасында түндө чыр чыкты. Тараптар бири-бирине таш ыргыткан

Бүгүн, 13-июлда саат 00:15 чамасында Баткен районунун Төрт-Көчө аймагында тажик жарандары чагымчыл аракеттерди жасашты.


Жергиликтүү тургундардын айтымында, алар аталган аймаккка «Мерседес-Бенц С-класс» үлгүсүндөгү 2 унаа менен келип, жол чырактын жанына токтошкон. Андан кийин жолдо унаа менен өтүп бара жаткан кыргызстандыктарды сөгүп, жаман сөздөрдү айта башташкан.


Элдик кошуундун өкүлдөрүнүн айтымында, алар кыргыз жарандарынын унааларына таштарды ыргытышкан. Жооп катары Баткендин Орто-Боз айылынын тургундары да таш ыргытышкан. Тажик жарандары андан кийин унааларына отуруп, Тажикстандын Ходжало айылы тарапка кетип калышкан.


Кыргызстандын ИИМнин кызматкерлеринин маалыматына караганда, тажик жарандары алкоголдук ичимдиктерге же баңгизаттын таасиринде болушкан.


Мындан тышкары Төрт-Көчө аймагында асманда учуп жүргөн дрон байкалган. Учурда аталган тилкеде абал туруктуу. Эки мамлекеттин күч түзүмдөрү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.


Булак: "Турмуш"

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн