Бугу 03, 2024
Убакыт: 13:00
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Кыргыз-тажик чек арасындагы окуя 1,3 млрд зыян алып келген

12.08.2021 13:46
586
Кыргыз-тажик чек арасындагы окуя 1,3 млрд зыян алып келген

Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалдардан улам келтирилген зыяндын жалы көлөмү 1 миллиард 305 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Айыл-чарба министрлигинин асындагы аймактарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Эрмек Бахавидинов маалымат жыйында билдирди.


Анын айтымында, учурда Баткен облусундагы чек ара чырында жабыркаган турак жайларды, ар кандай социалдык мекемелерди калыбына келтирүү иштери толугу менен жүргүзүлүүдө.


"Келитирилген зыяндын жалпы көлөмү 1 миллиард 305 миллион сомду түздү. Чек ара жаңжалында бардыгы болуп 140 турак жай, 8 социалдык объект жана 76 ишкердик кылуучу жай өрттөнгөн. Бардык турак үйлөр калыбына келтирилет, ишкерлерге материалдык колдоо көрсөтүлөт. Ошондой эле эч кандай пайызсыз жана күрөөсүз насыялар берилет", - деп билдирди Эрмек Бахавидинов.


Мындан тышкары мамлекет тарабынан аталган облустагы стратегиялык жолдорду да калыбына келтирүү иштери белгиленген. Учурда Миң-Булак - Чорго - Ак-Сай, Ак-Сай - Рават, Самаркандек - Мадыген - Маргун унаа жолдорунда оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады директордун орун басары.

Ошондой эле Максат - Жаңы-Жер аймагында жолдорду асфальттоо иштери аяктап калганын баса белгиледи.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн