Теке 06, 2024
Убакыт: 18:18
USD
85.70
86.60
EUR
92.60
93.60
RUB
0.955
1.000

Кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда уулун жоготкон ата: Мен балама ыраазымын, мен дагы мекен үчүн жан берүүгө даярмын (видео)

22.06.2021 09:18
1177
Кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда уулун жоготкон ата: Мен балама ыраазымын, мен дагы мекен үчүн жан берүүгө даярмын (видео)


28-30-апрелде Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан 40 жаштагы уулун жоготкон Көк-Таш айылынын тургуну Жалил Каработоев окуя тууралуу, уулунун өлүмү тууралуу айтып берди. Бул тууралуу ал "Али Токтакунов медиахабына" берген маегинде билдирген. 


Анын айтымында, окуянын алдын алууга болмок, бирок жогору жактан команда болбой аскер балдар да коркуп калган.


"Менин уулум Көк-Ташта жаңжал башталганда келем деп телефон чалды. Бирок мен келбей эле кой дедим. Баткенде гумжардам топтогондон кийин тажиктердин кол салганын угуп, унаасына 6 киши отургузуп Көк-Ташка кеткен экен. Жолдо келе жатканда эле тажиктер унаага каратып ата берген. Көп аткандыктан, ичинде отурган баламдын колдору үзүлөйүн деп, шылынып калыптыр. Мен балама ыраазымын. Ал мекен үчүн, эли үчүн жан берди. Мен дагы Кыргызстандын келечеги үчүн керек болсо көкүрөгүмдү окко тосом. 


Мындан сырткары, Миң-Булак айылында жабылып калган түтүк аркылуу тажиктерге суу бергени жатат. Аларга суу бериш үчүн акими да, башкасы да чуркап жүрөт. Мен барып токтоттум. Суу бербейбиз. Эмне үчүн берет экенбиз? Балдарыбызды өлтүргөн үчүнбү, үйлөрүбүздү өрттөгөнү үчүнбү же басып кирип баарыбызды аткылаганы үчүнбү?...",- деди Көк-Таш айылынын тургуну.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн