Бугу 07, 2024
Убакыт: 23:04
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Кыргыз-тажик чек арасынын 625 чакырымы такталды. Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон телефон аркылуу сүйлөштү

14.01.2023 11:15
499
Кыргыз-тажик чек арасынын 625 чакырымы такталды. Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 14-январда, өз ара макулдашууга ылайык, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон телефон аркылуу сүйлөштү.


Мамлекет башчылары Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу куттуктоолор менен алмашты.


Акыркы отуз жылда мамлекеттер достуктун жана жакшы коңшулаштыктын негизинде саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда мамлекеттер аралык кызматташтыкты өнүктүргөндүгү белгиленди.


Мамлекет лидерлери көп тараптуу түзүмдөрдүн платформаларында кызматташуунун, БУУнун жана башка аймактык уюмдардын алкагында өз ара колдоо көрсөтүүнүн позитивдүү тажрыйбасын баса белгилешти.


Мындан тышкары, тараптар кыргыз-тажик мамилелеринин мындан аркы өнүгүүсү Борбор Азиядагы тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого өбөлгө түзөрүн белгилешти.


Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Мамлекет башчылары эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөгү акыркы жетишкендиктерди белгилешти, бул жалпы узундугунун 63%ын түзгөн 625 чакырымга жакын мамлекеттик чек ара линиясынын долбоордук сыпаттамасын аяктоого мүмкүндүк берди.


Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон учурдагы бардык маселелерди саясий-дипломатиялык жол менен гана чечүү зарылдыгын баса белгилешип, мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын алкагында сүйлөшүү процессин активдештирүү боюнча ойлорун билдиришти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн