Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 20:42
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Кыргыз-тажик чек арасынын 90 километри такталды

13.10.2021 15:34
547
Кыргыз-тажик чек арасынын 90 километри такталды

Акыркы жолугушуулардан кийин кыргыз-тажик чек арасында 90 километр аралык такталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев 13-октябрда парламенттин жалпы жыйынында депутаттын суроосуна жооп берип жатып билдирди.


Анын билдирүүсүнө ылайык, акыркы күндөрдө жазган чек ара 90 чакырымга барып калган.

«Көпчүлүгү чек ара маселеси токтоп калды деп ойлоп жатса керек, бирок андай эмес. 3-4 күн болду, чек ара боюнча мамлекеттик комиссия тажик тарап менен Исфана шаарында жолугуп, дагы 8,5 чакырым жерди жазып келдик. 114 чакырымды жазып бүткөндөн кийин экинчи этапка өтөбүз. Башкача айтканда, чек араларды аныктоо боюнча иштер толук жүрүп жатат. Акыркы убакта Тажикстан менен болгон чек араны аныктоо иштери активдеше баштады. Себеби, билесиздер, алар менен болгон чек ара жабык. Чек ара жабык болгону үчүн, жана башка бир нече себептерден улам активдеше баштады», — деди Ташиев.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн