Бугу 07, 2024
Убакыт: 06:24
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Кыргыз-тажик президенттери чек арадагы кандуу окуя тууралуу кеп козгоду

29.06.2021 13:52
884
Кыргыз-тажик президенттери чек арадагы кандуу окуя тууралуу кеп козгоду

​​

Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кыргыз-тажик чек арасындагы окуяны талкуулашты. Жапаров трагедиялу окуялар эки өлкөнүн эли үчүн кайгы-капанын күндөрү болуп калгандыгын өкүнүү менен белгиледи. 

 

“Келечекте эки тарап тең куралдуу кагылышуунун кайталанышына жол бербеши керектигин өзгөчө белгилегим келет. Кыргызстан менен Тажикстандын элдери илгертен бери бир тууган эл, кыргыздар менен тажиктер ар дайым ынак коңшулук, достук мамилелерди сактап келишкен”, - деп баса белгиледи ал. 

 

Президент Садыр Жапаров биргелешкен аракеттердин натыйжасында тараптар чек ара маселелерин чечүү жолдорун табаарына ишенимин билдирди. 

 

Эмомали Рахмон эки өлкө ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты жаратмандык менен өнүктүрүүгө чындап кызыкдар экенин баса белгиледи.


Булак: "Спутник Кыргызстан"

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн