Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 20:51
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Кыргыз театр искусствосу оор жоготууга учурады. Жалил Мидинов каза болду

09.08.2021 08:30
1017
Кыргыз театр искусствосу оор жоготууга учурады. Жалил Мидинов каза болду

 


2021-жылдын  8-августунда 65 жаш курагында узакка созулган оорудан  Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, кыргыз театр искусствосунун талантуу режиссеру, Б. Кыдыкеева атындагы кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын көркөм жетекчиси Жадылбек (Жалил) Мидинов дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу маданият министрлиги билдирди.


Жадылбек Мидинов 1956-жылы 15-июлда Нарын облусунун Жумгал районундагы Кызыл-Жылдыз айылында жарык дүйнөгө келген.

1973-жылы Кызыл-Жылдыз айылындагы орто мектепти ийгиликтүү аяктагандан кийин Кыргыз Улуттук Т . Абдумомунов атындагы академиялык драма театрынын алдындагы Театралдык студиядан билим алган. Аталган студияны бүтүрүп чыгып, М. Жангазиев атындагы Республикалык куурчак театрында актер болуп эмгек жолун баштаган.


1983-1987-жылдары Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун  “театрдын режиссеру” адистигин аяктаган.

1990-1991-жылдары Санкт-Петербург шаарында Н. Черкасов атындагы мамлекеттик театр, музыка жана кинематография институтунда жогорку режиссердук курста белгилүү режиссер,Россия Федерациясынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмери А. Белинскийдин курсунда окуган.


Окууну аяктаган күндөн тартып, М. Жангазиев атындагы куурчак театрында башкы режиссер болуп эмгектенет.

1996-1998-жылдары Б. Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында режиссер-коюучу кызматын аткарган. 1998-жылы эксперименталдык куурчак театрларынын негиздөөчүсү жана жетекчиси болуп “Тунгуч” театрынын алдында иш алып барган.

2008-жылы кайрадан М. Жангазиев атындагы куурчак театрында башкы режиссер болуп дайындалат. Андан соң, театрдын көркөм жетекчиси  жана режиссеру, Чүй облустук Ш. Термечиков атындагы театрдын режиссеру, Нарын облустук М. Рыскулов атындагы академиялык музыкалык драма театрынын көркөм жетекчиси, акыркы учурда Б. Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында көркөм жетекчилик кызматтарды аткарып келди.


Жадылбек Мидинов  чыгармачылык өмүрүндө     В.Гауфдун «Калиф-аист», Ж. Саалаевдин «Меер-мөөр», С. Козловдун «Поющий поросенок»  Ж. Сейдахматованын «Куурчактар жана балдар” шоу-программасын, Ш. Перронун «Спящая красавица»,  Ж. Мидиновдун «Жалгыз чабан», Р. Маркованын «Лесная пасека», В. Масловдун «Күнөстүү коенек», Э. Мусаевдин «Ким күнөөлүү», Ж.Кулманбетовдун «Уурдалган от»,               Р. Мингалимовдун «Темир кулактуу шайтан», Ю.Тойчубековдун «Кыдыр», Ж.Садыковдун  “Зыкым жана байкуш”, В. Масловдун «Коенек», Ош ОУДТда «Токойдогу окуя» «Кетпечи Бугу-Эне» спектаклдерин сахналаштырган.


  Анын эң бир синтездештирилип коюлган негиздүү спектаклдеринин бири Б. Омуралиевдин «Томого» пьесасынын негизинде коюлган чыгармасы болду жана көптөгөн алдыңкы сыйлыктарга жетишти. 

2011-жылы Алма- Ата шаарында өткөн “Ортеке” эл аралык фестивалында Гран-Прини жеңип алышкан.

2009-жылы Казань (Россия Федерациясы) шаарында өткөн Түрк тилдүү мамлекеттердин театрларынын эл аралык фестивалында  көрүүчүлөрдүн жана калыстардын жогорку баадагы алкоосуна арзыган.


 “Тунгуч” эксперименталдык жаштар театрында Ч. Айтматовдун чыгармасынын негизинде “Кетпечи Бугу-Эне” спектакли заманбап формада сахналаштырылып, 2010-жылы Кытай Эл Республикасында өткөн эл аралык фестивалда биринчи сыйлыктын номинанты болушкан.


    Чыгармачылык талантынын көп кырдуулугунун негизинде куурчак театрынын спектаклдеринен сырткары драмалык чыгармаларды да сахналаштырып, кыргыз театр искусствосунун өнүгүшүнө зор салымын кошуп келди. Алсак: Нарын облустук М. Рыскулов атындагы академиялык музыкалык драма театрында С. Раевдин “Маң” аттуу пьесасын сахналаштырып, Ч. Айтматовдун 90 жылдык юбилейине карата Бишкек шаарында өткөн эл аралдык фестивалда алдыңкы сыйлыкты жеңип алган болсо, жогоруда аталган театрда сахналаштырылган Ч. Айтматовдун “Жамийла” спектакли менен  2019 -жылы Ош шаарында өткөн ART-ORDO-VII эл аралдык театр фестивалына катышып, Гран-Прини жана алдыңкы номинацияларды багындырышкан.


    Ж. Мидинов биздин өлкөдөн сырткары Кытай Эл Республикасында, Литвада, Монголияда, Россия Федерациясында жана Өзбекистан, Казакстан Республикаларында өткөн ар кандай эл аралык кароо-сынактардын, фестивалдардын катышуучу  жана жеңүүчүсү болгон.

Кыргыз Республикасынын маданияты менен көркөм өнөрүнүн өнүгүп-өсүшүнө чын ылакстан кызмат кылып, зор эмгектерди сиңиргендиги мамлекет тарабынан бааланып, Кыргызстандын улуттук «Эргүү» театр искусствосу сыйлыгынын эки жолку ээси, Маданияттын мыкты кызматкери, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, жана башка бир нече сыйлыктардын ээси болгон.

Кыргыз элибиздин чыгаан таланты, өзүнүн кайталангыс эмгеги менен улуттук маданиятыбыздын жана искусствонун кеңири катмарына таанымал болгон белгилүү режиссер, Жадылбек Мидиновдун  жаркын элеси замандаштарынын, кесиптештеринин жана жакындарынын эсинде түбөлүккө сакталат.

Маркумдун үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.


У. А. Марипов, Ч. А. Абыкеев, С. С. Касмамбетов, Ж. К. Бакашова, А.А. Касымалиев, К. О. Иманалиев, Г. Байтерек,  Б. Ш. Секимов,           С. А. Аманова, И. А. Балташев, К. К. Шабданбаев, М. А. Бектеналиев,    М. Т. Байжиев, С. А. Раев, Т. Т. Казаков, К. К.  Култегин,    М. Мамазаирова, А. А.  Абдыкалыков, М. Алышпаев, Н. Мамбетова, Г. Каниметова,         Ч. Думанаев,  К. Р. Турапов, К. А. Осмонов, Г. Садыбакасова,                  Д. Баратбаева, Б. Куланбаев, Ж. О. Кулмамбетов,        Ж. Өзүбекова,       Т. К. Сманбеков,  А. А. Өзүбеков,  О. Б. Айдаров, Ш. А. Шейшенов,        Ш. Бекташов, А. Е. Кузнецов, А. Абдуразаков,                 

К. Абдрахманов, С. Берикбаев, А. Алыбаев,  М. Бердишев, А. Исаков  ж. б.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн