Бугу 07, 2024
Убакыт: 02:22
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Кыргыз-венгер өнүктүрүү фонду, түз авиакаттам, студенттер үчүн квота. Жапаров менен Новак сүйлөшүүлөрдөн кийин билдирүү жасады

14.02.2023 08:04
144
Кыргыз-венгер өнүктүрүү фонду, түз авиакаттам, студенттер үчүн квота. Жапаров менен Новак сүйлөшүүлөрдөн кийин билдирүү жасады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-февралда Венгриянын Президенти Каталин Новак менен болгон сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирүү жасады.


Анда Мамлекет башчысы төмөнкүлөрдү белгиледи:


“Урматтуу Каталин Новак айым,


Урматтуу массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү,


Урматтуу айымдар жана мырзалар,


Эң оболу, мага жана кыргыз делегациясынын мүчөлөрүнө көрсөтүлгөн меймандос жана жылуу кабыл алуу үчүн Венгриянын Президенти Каталин Новак айымга, боордош венгер элине терең ыраазычылык билдирем.


Кыргызстан менен Венгрия ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү терең канааттануу менен белгилейм.


Бүгүн биз Каталин Новак айым менен Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы Стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө жана өнүктүрүү жөнүндө биргелешкен декларацияга кол койдук.


Биз конструктивдүү сүйлөшүүлөрдү өткөрдүк жана эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин талкууладык.


Эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуу жылдарынын аралыгында олуттуу иштер аткарылды.


Эки өлкөнүн борбор шаарларында элчиликтер ачылды. Стратегиялык өнөктөштүктүн алкагында зарыл болгон маанилүү механизмдердин баары түзүлдү – Кыргыз-Венгер Стратегиялык Кеңеш, Экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-венгер өкмөттөр аралык комиссия жана Кыргыз-Венгер Ишкерлер Кеңеши.


Соода-экономикалык кызматташтыгыбызды кеңейтүүдө Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фонду өзгөчө ролду ойнойт.


Жакында түзүлгөн фонддун алкагында биргелешкен долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылат деп ишеним артам. Эртеңки кыргыз-венгер бизнес-форумунун жүрүшүндө Венгер-Кыргыз өнүктүү фондунун алкагында бир катар келишимдерге кол коюлат деп кубануу менен белгилейм.


Стратегиялык өнөктөштүгүбүздү мындан ары бекемдөө максатында биз WizzAir венгер авиакомпаниясы аркылуу Будапешт-Бишкек-Будапешт каттамы боюнча түз авиарейстерди ачуунун үстүндө ишти улантууну макулдаштык.


Жакынкы арада түз авиакаттамдар иштей баштайт деген ишенимди билдирем.


Биз ошондой эле маданий-гуманитардык жаатта, өзгөчө билим берүү тармагында, мындан ары кызматташуу маселелерин талкууладык.


“Stipendium Hungaricum” программасы боюнча Венгриянын жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн кыргыз студенттерине жыл сайын 200 орунга чейин квота бөлүп бергендиги үчүн венгер тарапка ыраазычылык билдиребиз. Биз бул багыттагы кызматташтыкты мындан ары да күчөтүүгө даярбыз.


Ушул күндөрү меймандос Будапешт шаарында эки өлкөнүн алдыңкы жогорку окуу жайларынын катышуусунда Биринчи кыргыз-венгер ректорлор конференциясы өтүп жатканын канааттануу менен белгилейм.


Бул конференция окуу жайлар аралык тыгыз кызматташуу үчүн жакшы негиз түзөт деп ишеним артам.


Мындан тышкары, бүгүнкү жолугушууда биз Каталин Новак айым менен эл аралык уюмдар, Европа Биримдиги жана Түрк мамлекеттер уюму алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелерин талкууладык.


Бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жетишилген макулдашуулар биздин стратегиялык өнөктөштүгүбүздү мындан ары да бекемдөөгө жана кеңейтүүгө жакшы өбөлгө түзөт деп ишеним билдирем.


Мындан ары кыргыз-венгер мамилелерин эң жогорку деңгээлге жеткиребиз, деп терең ишенем.


Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат”.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн