Теке 02, 2024
Убакыт: 01:46
USD
86.10
87.00
EUR
92.30
93.30
RUB
0.975
1.030

Кыргыз-өзбек чек арасында жашаган жаштар спорттон күч сынашты

20.08.2020 13:22
973
Кыргыз-өзбек чек арасында жашаган жаштар спорттон күч сынашты


Кечээ, 19-августта Баткен облусунун Кадамжай районунун жана Өзбекстандын Фергана облусунун Сох районунун чек аралаш аймакта жашаган жаштарынын ортосунда спорттук мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, иш-чара Баткен облусунун жетекчиси Алишер Абдрахманов жана Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиевдин, эки облустун элинин ынтымагын, кошуналык жакын мамилесин бекемдөө, жаштар арасында достукту чыңдоо боюнча иш чараларды жүргүзүү боюнча, буга чейинки сүйлөшүүлөрүнүн алкагында уюштурулган.


Мелдеш Өзбекстандын Сох районунун аймагында өтүп, ага Баткен облусунун Айдаркен шаарынын жана Бирлик айыл аймагынын 25 спортчусу катышкан.


Мелдеш спорттун теннис, шахмат, футбол түрлөрү боюнча уюштурулуп, Баткен облусунан барган жаштар теннис жана шахмат боюнча жеңүүчү болгон. Ал эми футбол боюнча мелдеш эки команданын тең чыгуусу менен аяктап, достук жеңгендиги белгиленген.


Мелдеш салтанаттуу түрдө жыйынтыкталып, тараптар бири-бирине каалоо тилек, жылуу пикирлерди билдирип, сыйлыктар тапшырылган.


Баткен облусунан барган спортчуларды Айдаркен шаарынын мэри Байышбек Астанакулов жетектеп барган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн