«Бир жылдын ичинде биз 28 жылда чет элдик компанияга караганда 1,5 эсе көп капиталдык киреше алдык», - деп билдирди «Кыргызалтын» ААК.
Компания Кумтөрдү канадалык «Центерра Голд» компаниясы иштеткен 28 жыл ичинде Кыргызстандан 410 тоннадан ашык алтын казылып алынып, экспорттолгондугун белгиледи. «Мамлекетте казып алынган 1 грамм алтын да болгон эмес», - деп баса белгиледи ААК.
Бул мезгилде өлкөнүн казынасына акционерлердин кирешесинен 100 миллион доллар гана киреше түшкөн.
«Кумтөр алтын кени мамлекетке өткөндөн кийин, тактап айтканда 2022-жылга өздүк капиталдан 140 миллион доллар гана киреше калды. Бир жылдын ичинде биз 28 жылда чет элдик компанияга караганда 1,5 эсе көп киреше алдык. Мындан тышкары салыктар, социалдык төлөмдөр жана башка киреше түрлөрү бар. Эң негизгиси казылып алынган алтындын баары мамлекеттик казынада улуттук байлык катары сакталып турат», - деп жыйынтыктады «Кыргызалтын» ААК.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн