Кыргызстан менен Антигуа жана Барбуданын ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө тескемеге кол коюлду. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы жана Түндүк Ирландиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчисине жогоруда аталган биргелешкен коммюникеге принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюу ыйгарым укугу берилди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн