Бугу 15, 2024
Убакыт: 16:43
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Кыргызстан MegaCom боюнча эл аралык сотто жеңди

16.11.2021 11:09
419
Кыргызстан  MegaCom боюнча эл аралык сотто жеңди

Кыргыз Республикасы  Лондондогу эл аралык арбитраждык сотто  300 миллион долларга Megacom иши боюнча сотту утуп алды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.


"Эске сала кетсек, 2021-жылдын 8-октябрында Penwell Business Limited Кыргыз Республикасына каршы иш боюнча Арбитраждын акыркы чечими чыгарылган. Чечимге ылайык, Арбитраждык сот тарабынан доогердин 298 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү компенсация боюнча талаптары толугу менен четке кагылган.


Бирок, 2021-жылдын 5-ноябрында Лондондун Жогорку сотуна арбитраждык чечимди жокко чыгаруу үчүн арыз берүүнүн мөөнөтү бүттү.

Ошентип, Кыргыз Республикасы дээрлик 300 миллион доллар өлчөмүндөгү бул талаштан акыры утуп алды деп айтууга болот.

Белгилей кетсек, бул маселе президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө болчу",- деп билдирүү калтырган Султанбаев.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн