Бугу 19, 2024
Убакыт: 21:50
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргызстан 1-августтан баштап төрт өлкө менен аба каттамын жандантат

29.07.2020 17:30
1150
Кыргызстан 1-августтан баштап төрт өлкө менен аба каттамын жандантат

 

1-августттан тарта Кыргызстан Түркия, Орусия, Казакстан жана Бириккен Араб Эмираттары менен аба каттамдарын кайра ачууга уруксат берилди. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси Курманбек Акышев “Биринчи радиого” берген маегинде айткан.


“Өткөн жумада Республикалык ыкчам штаб тарабынан №72 протоколдук тапшырма чыккан. Анын негизинде Түркия, Россия, Казакстан жана Араб Эмираттары менен каттамды кайра калыбына келтирүүгө уруксат берилди. 1-августтан деп жатабыз, бирок алардын шартына жараша болот. Мисалы, Орусия 1-августта ача албайт окшойт. Эгер ачып калса, жакшы болот. Алар жообун бере элек. Түркия макулбуз дегендей жооп берди, бирок сүйлөшүү аяктай элек. Казакстан макул болот го. Астанадан жана Алматыдан бирден рейс ачып берсе Эйр Астана уча турган болуп жатат. Азырынча алардан так жооп жок. Эмираттардан да жооп боло элек”, - деген Акышев.


Ошондой эле ал каттамдар Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан чарттердик каттамдарга иштеп чыккан алгоритмдин негизинде ишке ашарын, калган өлкөлөр менен аба байланышты эпидемиологиялык абал жакшырса сентябрдан калыбына келтирүү пландалганын билдирген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн