Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 15:54
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Кыргызстан 9 өлкөнүн жарандары үчүн 60 күнгө чейин визасыз режимди киргизди

22.07.2021 19:27
518
Кыргызстан 9 өлкөнүн жарандары үчүн 60 күнгө чейин визасыз режимди киргизди


 Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров «Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.


Мыйзам бир катар өлкөлөр менен эки тараптуу мамилелерди ар тараптуу активдештирүү жана туризмдин өнүгүшүнө түрткү берүү максатында кабыл алынган.


Жогоруда аталган мыйзамга ылайык, 60 күнгө чейин визасыз режим киргизилген мамлекеттердин тизмесине тогуз жаңы өлкө (Албания, Болгария, Вьетнам, Израиль, Кипр, Түндүк Македония, Румыния, Таиланд, Мексика) кошулду.


Мындан тышкары, мыйзам улуттук коопсуздукту жана жарандардын ден соолугун коргоону камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети улуттук коопсуздук, саламаттыкты сактоо жана тышкы иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын макулдашылган сунушу боюнча визасыз кирүү режимин толугу менен же жарым-жартылай токтото туруу укугу менен толукталды.


Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн