Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 16:04
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Кыргызстан Адам эркиндиги боюнча дүйнөлүк индексте 87-орунду ээледи

14.02.2023 09:14
168
Кыргызстан Адам эркиндиги боюнча дүйнөлүк индексте 87-орунду ээледи

АКШнын Катон институту менен Канаданын Фрейзер инситуту биргелешип жүргүзгөн Адам эркиндиги боюнча дүйнөлүк индексте Кыргызстан 165 өлкөнүн ичинен 87-орунду ээледи.


Баяндамада адам эркиндигинин ар кыл аспекттери 83 көрсөткүч менен аныкталган. Мыйзам үстөмдүгү, коопсуздук жана коргоо, ээн-эркин жүрүү, дин тутуу, эркин чогулуу жана жарандык коом, эркин ой-пикир билдирүү, алака-катыш, мыйзам системасы жана мүлккө ээ болуу, акчанын наркы, эл аралык соода-сатык эркиндиги сыяктуу көрсөткүчтөр менен ченелет.


Кыргызстанда адамдын жеке эркиндиги 6,15 балл, ал эми экономикалык эркиндиги 6,97; адам эркиндиги 6,70 баллды түзгөн. 2019-2020-жылдары өлкө төрт позицияга ылдыйлаган.


Адам эркиндигинин көрсөткүчүнүн жогорку ченеми 10 балл менен эсептелет. Тизменин башындагы ондукка Швейцария, Жаңы Зеландия, Эстония, Дания, Ирландия, Щвеция, Исландия, Финляндия, Нидерланд, Люксембург кирет. Булар дүйнөдөгү эң эркин өлкөлөр болуп саналат.


АКШ 23-орунда, Грузия - 43, Казакстан -107, Орусия -119, Түркия - 130, Тажикстан -141, Кытай -152-орунда турат.


Тизменин эң этегиндеги Йемендин адам эркиндигин индекси 2.71, Сирияныкы 2.34 деп аныкталган.


Булак: "Азаттык"

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн