Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 07:37
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Ура-а! Кыргызстан Азия кубогуна чыкты

14.06.2022 13:55
1361
Ура-а! Кыргызстан Азия кубогуна чыкты

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Тажикстан менен болгон оюндун жыйынтыгына карабастан Азия кубогуна чыгат 


Монголияда Палестина менен Филиппин командаларынын оюну соңуна чыкты. Палестиналык футболчулар каршылаштарын 4:0 эсеби менен жеңип, биринчи орунду алуу менен жолдомого ээ болду. 


Кыргызстандын командасы Азия кубогуна кандайча өткөнүн түшүндүрүп берели. 


Азия биринчилиги үчүн жолдомо өз тобунда лидер болгондорго берилет. Жалпы алты команда бар. Мындан тышкары, өз тобунда экинчи орунду алган беш командага дагы жолдомо берилет. Эң начар делген алтынчы команда четтетилет. 


B тобунда экинчи сапта келе жаткан филиппиндердин 4 упайы бар. Булардын жыйынтыгы Кыргызстандыкынан төмөн. 

Башка топтордо үчтөн упайы жана запастагы бир оюну бар командалар турат. Бирок бул нерсе Кыргызстандын командасынын Азия кубогуна чыгышына эч кандай таасир этпейт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн