Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 222 миллион доллар бөлөт. Тиешелүү макулдашуу ратификациялоо үчүн ЖКга келип түштү.
Маалыматка ылайык, акча мамлекеттик инвестициялык долбоорлорду каржылоого берилет.
Документке ылайык, анын 74,8 миллион доллары грант түрүндө. Жеңилдетилген насыянын шарты, алгачкы жеңилдетилген мезгил ичинде карыз алуучу жылдык 1 пайыз өлчөмүндө төлөйт. Жеңилдетилген мезгил аяктагандан кийин, төлөнбөгөн насыянын суммасына жылдык 1,5 пайыз өлчөмүндө төлөм жүргүзүлөт.
Каражаттар төмөндөгүдөй бөлүнөрү болжолдонууда (доллар менен):
- климатка жана табигый кырсыктарга туруктуу суу ресурстарын башкарууну кошумча каржылоо долбоору — 40 миллион доллар;
- жеткиликтүү жана энергияны үнөмдөөчү турак жайга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү долбоору — 65 миллион доллар;
- климаттык шарттарды эске алуу менен реформа, PBL — 50 миллион доллар;
- Бишкектеги аз көмүртектүү муниципалдык имараттарды модернизациялоо долбоору — 3 миллион доллар;
- "Бизнес кызматтардын борборун өнүктүрүү" иши — 1 миллион доллар;
- энергиянын кайра жаралуучу булактары секторун өнүктүрүү долбоору — 530 миң доллар;
- Алматы — Бишкек экономикалык коридору: Чек ара кызматтарын жакшыртуу боюнча региондук долбоор — 35 миллион доллар;
- коомдук имараттардын энергонатыйжалуулугу — 25 миллион доллар;
- Жогоруда аталган ар бир долбоордун же программанын акыркы аталышында, көлөмүндө жана каржылоосунда бир аз өзгөрүүлөр болушу мүмкүн экени кошумчаланды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн