Эл аралык Жер-Эне күнүнө карата Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы Туруктуу өкүлчүлүгү “Жердин Үнү” аттуу көргөзмөнүн салтанаттуу ачылышын өткөрдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Көргөзмөдө Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген жаш сүрөтчүлөр жана алардын устаттары тарабынан тартылган чыгармачылык иштер сунушталып, алар аркылуу климаттын өзгөрүшү, туруктуу өнүгүү жана тынчтыктын өз ара байланышы чагылдырылды. Иш-чаранын максаты — жаратылышты коргоо, экологиялык көйгөйлөргө көңүл буруу жана дүйнөлүк коомчулукту туруктуулукка чакыруу болуп саналат.
Көргөзмөнүн ачылышында Кыргызстандын БУУдагы Туруктуу өкүлү Аида Касымалиева сөз сүйлөп, жаратылыш жана келечек муундар алдындагы жамааттык жоопкерчиликтин маанисине токтолду. Ал белгилегендей, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, айлана-чөйрөнү булгоого каршы аракеттерди күчөтүү жана жетиштүү каржылоону камсыз кылуу — планетанын келечеги үчүн маанилүү кадамдар.
Бул көргөзмө Кыргызстандын улуттук жана эл аралык деңгээлде экологиялык туруктуулук принциптерин жайылтууга багытталган аракеттеринин бири болуп калды.
Эске салсак, Кыргызстанда тоо экосистемаларын коргоо, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана “жашыл” экономикага өтүү багытында бир нече мамлекеттик программалар ишке ашырылууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн