Бугу 06, 2024
Убакыт: 19:59
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Кыргызстан Беларуста өтө турган ЖККУнун машыгуусуна катышат

24.08.2023 16:40
202
Кыргызстан Беларуста өтө турган ЖККУнун машыгуусуна катышат


1-6-сентябрь аралыгында Баларуста "Боевое братство-2023" деп аталган биргелешкен ыкчам-стратегиялык аскердик машыгуу өтөрүн аталган өлкөнүн Коргоо министрлигинен кабарлашты.


Аскердик бул иш-чара Жамааттык коопсуздук кызматташуу уюмунун аскердик күчтөрүнүн ар кыл бөлүктөрүн бириктирет:

- ЖККУнун Тез арада аракетке келүүчү Жамааттык күчтөрүнүн "Взаимодействие-2023" деп аталган биргелешкен машыгуусу. Алар Чыгыш Европа аймагындагы кризистик кырдаалды жөнгө салуу үчүн күчтү жана каражатты колдонуу боюнча тапшырмаларды аткаруу ыкмаларын иштеп чыгат;

- ЖККУга мүчө-мамлекеттердин Куралдуу күчтөрүнүн чалгын каражаттары жана күчтөрү менен "Поиск-2023" атайын машыгуусун өткөрүү;

- ЖККУга мүчө-мамлекеттердин аскерлеринин (жамааттык күчтөрүнүн) материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу күчтөрү жана каражаттары менен "Эшелон-2023" атайын машыгуусун өткөрүү;

- ЖККУга мүчө-мамлекеттердин радиациялык, химиялык, биологиялык коргоону жана медициналык камсыздоо боюнча түзүмдөрү менен биргелешип "Барьер-2023" машыгуусун өткөрүү.


"Машыгууга катыша турган аскердик контингенттер эртеңден тарта Беларуста жайгашып, орун ала баштайт", — деп билдирген маалымат кызматы.


Кыргызстандан аталган машыгууга 80ге чукул аскер катыша турганы айтылды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн