Чын курандын 09, 2025
Убакыт: 15:34
USD
87.30
87.80
EUR
95.80
96.80
RUB
1.000
1.040

Кыргызстан Камбар-Ата 1 ГЭСин Өзбекстан менен чогуу курат

14.04.2022 15:14
459
Кыргызстан Камбар-Ата 1 ГЭСин Өзбекстан менен чогуу курат

Кыргызстан Өзбекстан менен биргеликте Кабар-Ата-1 ГЭСин курат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун расмий ачылышында билдирди.


Анын айтымында, Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ачылышынын алкагында соода-логистикалык борборлорду жана унаа жолдорду куруу пландалууда.


“Мындан сырткары, Кыргызстан Өзбекстан үчүн транзиттик көпүрө түзүп, коңшу өлкө менен айыл чарба продукциясын алмашуу көлөмүн көбөйтүүнү пландаштырууда”, - деди ал.


Акылбек Жапаров жакынкы аралыкта эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүү 2 млрд долларга жетиши керектигин айтты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн