Бугу 15, 2024
Убакыт: 04:23
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Кыргызстан Кытайга электр энергиясын экспорттоону сунуштады

07.02.2022 16:59
1275
Кыргызстан Кытайга электр энергиясын экспорттоону сунуштады

Кыргызстан Кытайга электр энергиясын экспорттоо маселесин изилдөө сунушун берди, кытай тарап аны карап көрүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров менен Кытайдын төрагасы Си Цзинпиндин биргелешкен билдирүүсүндө айтылат.


Анда аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн жаңы темир жолдорун куруу, анын ичинде “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу маанилүү экени жазылган. Тараптар бул долбоорду илгерилетүү үчүн аракеттерди көрүшөт.


Садыр Жапаров Кытайдын лидери Си Цзинпинди ыңгайлуу убакта Кыргызстанга келүүгө чакырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн