Бугу 02, 2024
Убакыт: 06:59
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Кыргызстан Россия жана Украинага сүйлөшүү аянтчасын түзүп берүүгө даяр

05.03.2022 20:05
1282
Кыргызстан Россия жана Украинага сүйлөшүү аянтчасын түзүп берүүгө даяр



Бишкек орус-украин кризисине байланыштуу сүйлөшүүлөргө аянтча түзүп берүүгө жана тынчтык орнотуу үчүн зарыл чараларды уюштурууга даяр. Бул тууралуу 5-мартта Москвада Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев билдирди.


Орусия дагы, Украина дагы жаңжалдын курмандыгы болуп жатканын белгилеген министр тараптарды тынчтык орнотууга чакырды. Буга чейин Беларустун аймагында эки тараптын сүйлөшүүлөрү башталганын Бишкек кубаттай турганын айтты.


Казакбаев орус тараптын чакыруусу менен 5-мартта Орусияга барды. Расмий кабарга ылайык, жолугушуу Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда дипломатиялык алака орнотулганынын 30 жылдыгына карата уюштурулду.


Казакбаев орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушуп, жыйынтыгында Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы 2022-2024-жылдардагы кызматташтык программасына кол коюлду. Соңунда эки министрдин журналисттерге пресс конференциясы түз эфирде көрсөтүлдү.


Булак: "Азаттык" үналгысы

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн