Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 03:49
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Кыргызстан Россиядан буудай сатып алат

19.02.2021 16:59
800
Кыргызстан Россиядан буудай сатып алат

КР айыл чарба, суу жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков Россия Федерациясынын Бириккен дан компаниясынын (ОЗК) директорунун биринчи орун басары О. Солдатенков жана компаниянын өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар буудай, ун азыктарын жана дан эгиндеринин үрөндөрүн Кыргызстанга экспортоо ошондой эле эт азыктарын сатуу, сатып алуу боюнча узак мөөнөттөө кызматташууну талкуулашты.

Россия Федерациясынын бириккен дан компаниясынын өкүлдөрү бир катар ишканалар менен жеринен таанышканын билдирип, кызматташууга даяр экенин билдиришти.

"Кылкандуу дан эгиндеринин үрөнүн жакшыртуу биздин эң артыкчылыктуу багыттардын бири. 2021-жылда күздүк себүүгө буудайдын эң алдыңкы сортторун Россиядан же Казакстандан алып келүүнү долбоорлоп жатабыз. Кыргызстанда фермерлердин басымдуу бөлүгү мал багуу менен алектенишет. Малдын тоютуна жүгөрүнүн сапаттуу урөнүн алууга дагы дыйкандарыбыз кызыкдар. Биз жүгөрүнүн сапаттуу үрөнүн сатып келүү боюнча дагы долбоорлорду даярдап жатабыз”, - деди министр Жаныбеков.

Мындан сырткары, министр Россия Федерациясынын бириккен дан компаниясынын өкүлдөрүнө кызматташууга ар дайым даяр экендигин билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн