Бугу 11, 2024
Убакыт: 03:35
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кыргызстан Россияга деңиз аркылуу жүк ташууну пландоодо

19.01.2023 12:01
267
Кыргызстан Россияга деңиз аркылуу жүк ташууну пландоодо

Кыргызстан сооданы өнүктүрүү үчүн жаңы маршрутту иштеп чыгууда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

Жаңы каттам өлкөнү Өзбекстан, Түркмөнстан жана Каспий деңизи аркылуу Россия менен байланыштырмакчы. Бул боюнча Транспорт, Экономика министрликтери жана жүк ташуучулар иштеп жатат.

Жакында эле Астраханда Кыргызстан, Россия, Түркмөнстан жана Өзбекстандын мамлекеттик органдары менен бизнес өкүлдөрүнүн төрт тараптуу жолугушуусу болуп өткөн. Делегация мүчөлөрү "Астрахань деңиз порту", "Астрахань порту" жана "Армада" компанияларынын иши менен таанышып чыкты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн