Бугу 03, 2024
Убакыт: 21:47
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Кыргызстан Сауд Аравиянын ички иштер тармагындагы тажрыйбасын өздөштүрүүгө кызыкдар

28.02.2023 10:25
324
Кыргызстан Сауд Аравиянын ички иштер тармагындагы тажрыйбасын өздөштүрүүгө кызыкдар

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Сауд Аравия падышачылыгынын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Ради Аль Радини менен жолугушту.


ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Ниязбеков жолугушууда Сауд Аравия падышачылыгы менен болгон мамилени жогору баалап, мындан ары өз ара пайдалуу кызматташууга даяр экенин билдирди.


“Сауд Аравия падышачылыгынын полициясы бай тажрыйбага жана укук коргоо иштеринде колдонулган мыкты инновациялык технологияларга ээ экенин эске алып, биз сиздердин мыкты тажрыйбаңызды үйрөнүүгө болгон кызыгуубузду билдиребиз. Ошондой эле биз Сауд Аравия падышачылыгынын бирдиктүү ыкчам коопсуздук борборунун (911) иш тажрыйбасын үйрөнүүгө дилгирбиз”, - деди министр.


Тараптар ички иштер министрликтеринин ортосундагы өз ара кызматташуу боюнча олуттуу маселлерди талкууга алышты. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча эки мамлекеттин өкүлдөрү коопсуздукту бекемдөө жана кылмыштуулук менен натыйжалуу күрөшүү максатында туруктуу мамилелерди өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн