Ооганстандагы кырдаалдан улам Кыргыз өлкөсүнүн Тажикстан жана Өзбекстан менен болгон чек арасына убактылуу чек ара заставалары орнотулду. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.
Мындай күчөтүүлөр Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу.
Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек тилкелеринде коопсуздукту камсыз кылуу максатында убактылуу чек ара заставалары орнотулду. УКМКнын Чек ара кызматы башка күч структуралары менен бирге пландаштырылган чалгындоо жана издөө аракеттерин жүргүзүүдө. Чек ара кызматынын өкүлдөрү күнүмдүк нөөмөттө турат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн