Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 00:23
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Кыргызстан Түрк мамлекеттери уюмунун Инвестициялык фондун түзүүнү кубаттайт

11.11.2022 14:50
336
Кыргызстан Түрк мамлекеттери уюмунун Инвестициялык фондун түзүүнү кубаттайт

 "Кыргыз Республикасы Түрк мамлекеттери уюмунун Инвестициялык фондун түзүү демилгесин колдойт, бул түрк мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө жаңы дем берери шексиз", – деп Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-ноябрда, Самарканд шаарында (Өзбекстан Республикасы) өтүп жаткан Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) катышуучу-өлкөлөрдүн лидерлеринин Саммитинин тогузунчу жыйынында сүйлөгөн сөзүндө баса белгиледи.


Мамлекет башчысы бүгүн айтылган бардык демилгелер, сунуштар, сын-пикирлер келерки жылы кылдат изилденип, талданып, ишке ашырылат деген ишенимин билдирди.


"Бүгүн Уюмдун алкагында кабыл алынган тарыхый чечимдер, белгиленген пландар биздин кызматташуубузду мындан ары илгерилетүү үчүн кызмат кылышына үмүт артабыз. Күч биримдикте экенин билебиз. „Ырыс алды — ынтымак“ деп айтылат кыргыз элдик макалында. Кыргызстан түрк дүйнөсүнүн ажырагыс бир бөлүгү катары, мындан ары да өз ара түшүнүшүү жана колдоонун негизинде боордош түрк байланыштарын бекемдөө ишин жигердүү уланта бермекчи", – деп жыйынтыктады президент Садыр Жапаров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн