Бугу 10, 2024
Убакыт: 10:12
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кыргызстан Түркияга дагы 100 куткаруучу жана 100 боз үй жөнөтөт

09.02.2023 20:21
319
Кыргызстан Түркияга дагы 100 куткаруучу жана 100 боз үй жөнөтөт

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн Түркияга эки учак гуманитардык жардам жөнөтүү камылгасы көрүлүүдө. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.


Боордош түрк элине колдоо көрсөтүү максатында кыргыз тарап биринчи учак менен 100 боз үй, 20дай жылууланган аскер чатырын жана мобилдүү ооруканага ылайыкталган 1 чатыр жөнөтөт.


Жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу үчүн керектүү куткаруу механизмдери жана 2 үйрөтүлгөн ит менен 100 куткаруучудан турган атайын топ экинчи учак менен барат.


Ошондой эле бул учак менен тиешелүү медициналык буюмдар, кийим-кече жана биринчи кезекте зарыл болгон керектүү буюмдар гуманитардык жардам катары жеткирилет.


Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн