Кулжа 25, 2025
Убакыт: 19:29
USD
87.20
87.70
EUR
101.00
102.00
RUB
1.108
1.135

Кыргызстан Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга тынчсыздануусун билдирип, маселени тынчтык жолу менен чечүүгө чакырды

25.06.2025 16:38
15
Кыргызстан Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга тынчсыздануусун билдирип, маселени тынчтык жолу менен чечүүгө чакырды


Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-июнда Малайзияга болгон расмий сапарынын алкагында Путраджая шаарында Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасады.


Мамлекет башчысы Кыргызстан Жакынкы Чыгыш аймагындагы кырдаалды андан ары туруксуздандырууга чоң коркунуч жараткан чыңалуунун күчөшүнө өзүнүн терең тынчсыздануусун билдирерин белгиледи.


"Биз тараптарды түзүлгөн кырдаалды тынчтык жолу менен чечүү максатында абалдын андан ары курчушуна алып келиши мүмкүн болгон аракеттерден карманууга чакырабыз.


Тилекке каршы, Газа тилкесиндеги кайгылуу окуялар уланууда. Бириккен Улуттар уюмуна мүчө мамлекеттер катары биз бул көйгөйгө жамааттык жооп табууга аракет жасап, аны тынчтык жолу менен чечүүгө милдеттүүбүз деп эсептейм.


Өз кезегинде, Кыргыз Республикасы эл аралык коомчулуктун, биринчи кезекте Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин аракеттерин бириктирүүнү колдойт. Бул аракеттер согуштук иш-аракеттерди тезинен жана толук токтотууга, Газа тилкесиндеги гуманитардык кризисти чечүүгө, саясий диалогду баштоого жана «эки эл үчүн эки мамлекет» принцибинин негизинде Бириккен Улуттар уюмунун резолюцияларына ылайык палестина-израиль чыр-чатагын тынчтык жолу менен жөнгө салууга багытталышы керек.


Биз палестина элинин өз тагдырын өзү чечүү, өз мамлекетин түзүү жана БУУга толук укуктуу мүчө катары кирүү укугун таанып, колдойбуз",-деген Жапаров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн