Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 12:59
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Кыргызстан байлардын, олигархтардын “барымтасында” калдыбы?

18.06.2020 12:50
1084
Кыргызстан байлардын, олигархтардын “барымтасында” калдыбы?

 


Коронавирус менен күрөшүү боюнча Республикалык штабдын чечимине ылайык, быйыл Кыргызстанда 2020-жылдын 1-апрелинде жыйынтыктоо белгиленген Бирдиктүү салык декларацияларын тапшыруу 1-сентябрга чейин узартылгандыгы баарыбызга маалым.


Ал эми өлкө калкы үчүн жеке кирешелерди жалпы декларациялоо 2026-жылы гана башталат. Мындай мөөнөт өлкөбүздүн Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 22-январында кабыл алынган Мыйзамда каралган.


Арийне, кирешелер тууралуу салык органдарына маалымат тапшырып туруу баарысына, айрыкча мамлекеттик казынадан маяна жеген жогорку даражалуу чиновниктерге жага бербестигин кеп башында эскерте кетели. Ошондуктан, декларация тапшыруу өнөктүгү жылдан жылга эле зор кыйынчылыктар менен ишке ашырылып келет.


Тапшырылган декларациялардагы маалыматтар так экендигин тастыктоо да чоң түйшүк. Аларда киреше булактарынын бирин-экини көрсөтүлсө, калганы көмүскө бойдон калат.


Негизи Кыргызстанда мамлекеттик кызматта иштегендердин айлык маяналарынын өлчөмү алыскыларын айтпаганда да, жакынкы чет өлкөлөргө салыштырмалуу төмөн. Арийне кыргыз чиновниктерин байкуш катары эсептөөгө болбойт. Айлык маяна аз болгондугуна карабастан, мамлекеттик кызматка, бийлик кайыгына илешип калуу каалоосу Кыргызстанда абдан күч. Эптеп башты батырып алсаң, калганын шыгыңа жараша уланта берүүгө болот. Кесипкөйлүк жана билим деңгээл, жылдар топтолгон тажрыйба акыркы маселеге айланган. Анткени, жакшы жашоого биздин өлкөдө эч кимге тыюу салынган эмес.


Тилекке каршы эреже катары кабылданып калган мына ушундай принциптерден улам өлкөбүздө калктын катмарлашуусу, байлар менен кедейлердин ортосундагы айырмачылык соңку мезгилде ачык байкала баштады. Калктын басымдуу бөлүгү айдан айга бир карызды экинчиси, аны үчүнчүсү менен жаап күн көрүп жатышса, бир уучка толбогон мамлекеттик чиновниктер жыл эмес ай айлантпай темир тулпарларын алмаштырып, кабат-кабат ак сарайларларды салышып, элиталык батирлерди эки-үчтөн алышууда. Бирок, мындай байлыктарды алардын декларацияларынан окуй албайсыз. Керек болсо, алардын жумуштан кийин кечинде кайда түнөшөөрүн түшүнүү кыйын.


Мисалы, бүгүн 17-июнда Кыргызстандын премьер-министри болууга парламенттин 90 пайыз батасын алган Кубатбек Боронов биринчи вице-премьер-министр кызматында иштеп туруп 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча 1 миллион 411,9 миң сом киреша тапкан. Бирок, үстүндө өзүнө таандык алачыгы, алдында автоунаасы да жок делет. Менчигинде жалпы суммасы 75 миң сомду гана түзгөн кыймылсыз мүлктөрү, 166 миң 750 сомдук тиричилик техникалары жана 380,7 миң сомдук эмеректери бар экендигин ал өзүнүн декларациясында көрсөткөн. Туугандары бир тыйын киреше тапкан эмес. Арийне, алар өз муктаждыктары үчүн 620 миң сом коротушкан. Алардын менчигинде Lexus RX400H үлгүсүндөгү жеңил автоунаа, баалуу кагаздар жана ар кандай чарбалык субъектилердин уставдук капиталдарында башка мүлктүк үлүштөрү, жалпы наркы 620 миң сомду түзгөн ири мүйүздүү малдары бар деп айтылат кирешелер тууралуу маалыматтарда.

Өткөн жылы чиновниктердин кирешелери менен чыгымдоолору жөнүндө жалпы маалымат жарыялаган Мамлекеттик салык кызматынын отчётуна көз чаптырган адам бийликтин жогорку эшелонундагылардын баарысы эле бардар турмушта жашап жаткандыгын баамдай алат.


Айтсак, Жогорку Кеңештин мурдагы аппарат жетекчиси Саматбек Ибраев 2018-жылы негизги кызматында 3 миллион 792,5 миң сом иштеп тапкан. Мындан сырткары, анын менчигинде 10 гектарга жакын айыл чарба багытындагы жер аянттары, наркы 15 миллион сомдук баалуу кагаздары, Lexus 570 үлгүсүндөгү темир тулпары бар экендигин окууга болот. Жакындары 12,5 миллион сом иштеп табышып, 3,2 миллион сомун коротушкан. Алардын карамагында жалпы аянты 300 жана 100 чарчы метрлик эки турак үй, 120 чарчы метрлик эс алуу үйү жана 58,9 чарчы метрлик батири, булардан сырткары беш жеңил унаасы бар деп айтылат декларацияда.


Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун кирешеси 1 миллион 875,7 миң сомду түзгөн. Парламент спикери да мал жандуу – анын жалпы наркы 2 миллион сомго барабар төрт түлүк малы – уй-жылкылары, кой-эчкилери көрсөтүлгөн. Азыр алардын канчага көбөйүп же азайганын так айтуу кыйын.


Саясий карьерасы марага жетпей жолдон чыккан экс-премьер Мухаммедкалый    Абылгазиев 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча декларациясында 52 баш жылкысы, 22 баш бодосу жана 524 баш ( бир короо) койлору бар экендигин көрсөткөн. Кызматында жыл ичинде жалпысынан 826,4 миң сом маяна алган М.Абылгазиевдин башка жакындарында мал-сал, бизнес да жок болгон.


Ал эми даражасы жогору вице-премьерлик кызматын өзгөчө кырдаалдар министрине айры баштаган Замирбек Аскаров мурунку ордунда 810,8 миң сом иштеп тапкан менен үстүндө үйү, астында автоунаасы болгон эмес. Бирок, бул чиновник да акчасын кандай көбөйтүштү билген – 500 миң сомдук жылкылары, 300 миң сомдук бодо малдары бар экендигин декларациясында көрсөткөн экен.


Негизи кыргыз мал жандуу экендигин моюндабаска арга жок. Ак үйдөгү эң эле жупуну чиновник делгендердин бири Досалы Эсеналиевдин дээрлик 2 миллион сомдук төрт түлүк малы, эки батири, жарым миллион сомдук тиричилик буюмдары менен үй эмеректери бар экендиги жалпыга маалым болгон.


Эми мындай мисалдарды улай берсек, баяныбыз эпсиз узарары шексиз. Анткени, парламенттеги 120 депутатынын байлык мүлкү бүгүн таразага тартылбай калды. Алар тууралуу келерки ирет кеңири кеп салууга убада беребиз. Анын үстүнө жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңешке эл өкүлдөрүн тандоо мөөнөтү жакындап келе жатат. Быйыл парламентке өтүү талапкерлерден эбегейсиз чоң каражаттарды талап кылары ачык эле айтылууда – канча экендигин болжоп болбойт. Ал эми декларацияларда көрсөтүлгөн кирешелер менен мандатка жетишүү мүмкүн эмес...


Айбек Алымбаев


 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн