Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 20:21
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Кыргызстан эгемендиктин 30 жылында эмнеге жетишти?

17.08.2021 09:10
2817
Кыргызстан эгемендиктин 30 жылында эмнеге жетишти?




Эгемендиктин 30 жылында Кыргызстан эмнеге жетишти, эмнени жоготту?


1. ЖЕТИШКЕНДИКТЕР


1) Тышкы саясатта


 Өлкөнүн тышкы саясаты, ички саясатынын уландысы демекчи, Кыргызстан өзүнүн көзкарандысыздыгын жарыялаган соң, аны бүткүл дүйнө жүзү боюнча таанытуу иши мыйзам ченемдүү приоритеттүү саясаттардан болгон. Ошондой расмий тышкы саясат, жогоруда айтылган 1991-жылдын 21-декабрындагы КМШнын түзүлгөндүгү тууралуу Алма-Ата Декларациясы жарыялангандан кийин активдүү жүргүзүлөт. Анткени бул Декларациянын саясый тарыхый мааниси ушунда: биринчиден ал СССРдин жоюлгандыгын расмий тастыктаган саясый документ. Ушундан кийин СССРдин биринчи жана акыркы президенти М.Горбачев 1991-жылдын 25-декабрында «өз миссиясын» аткарган адам катары өзүнүн отставкасын жарыялап, жалпы союздук бийликтин бүткөндүгүн таанууга жана жарыялоого мажбур болгон. Экинчиден СССРдин ордуна эми мамлекет түрүндөгү эмес, жаңы түзүлгөн көз карандысыз мамлекеттердин мындан аркы өз ара кызматташуусу боюнча шериктештик же саясый мүнөздөгү эл аралык уюм түрүндөгү КМШ жарыяланат. Үчүнчүдөн бул Декларацияга кол коюу менен мурдагы СССРдин курамындагы республикалар бирин- бири көзкарандысыз мамлекет катары да өз ара таанышканында турат. Төртүнчүдөн, кийин КМШнын курамынан айрым республикалар расмий чыгып же анын ишине катышпай жатышканы менен да далилденет.


Ошол Алматы Декларациясынан кийин Кыргызстанды көзкарандысыз мамлекет катары биринчилерден болуп Турция, АКШ, Россия, Кытай жана башка мамлекеттер тааный тургандыгын расмий жарыялашат. 1992-жылдын 1-февралында Кыргызстанда биринчилерден болуп АКШ өзүнүн элчилигин ачса, Турция 28-февралда ачкан. Андан соң Кытай, Россия, Германия жана башка мамлекеттер ачышкан. 30 жылдык эгемен доорунда Кыргызстандын көзкарандысыздыгын дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттери таанып, 165 мамлекет менен Кыргызстандын дипломатиялык өз ара мамилелери түзүлгөн. Азыр Кыргызстанда 25 мамлекеттин элчилиги же өкүлчүлүгү иштесе, 29 өлкөдө Кыргызстандын элчиликтери же өкүлчүлүктөрү иштеп жатат.


1992-жылдын 2-мартында Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун (ООН) мүчөсү катары кабыл алынган. Ушул эле жылы Кыргызстан ЮНЕСКОнун мүчөсү болгон. 30 жыл ичинде Кыргызстан 92 эл аралык уюмдун мүчөсү болду, аларга: Европа коопсуздугу боюнча кызматташуу уюму (ОБСЕ), Ислам Кызматташуу Уюму (ОИС), Дүйнөлүк соода уюму (ВТО), Шанхай Кызматташуу Уюму (ШОС), ж.б. кирет. Ошондой эле Дүйнөлүк валюталык фонд (МВФ), Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Европа өнүктүрүү банкы сыяктуу авторитеттүү эл аралык каржы уюмдары менен тыгыз байланышта.


Эгемендиктин 30 жылдык мезгилинде, жогоруда көрсөтүлгөндөй кыргыз элинин дүйнөнүн башка элдери менен, тең ата камыр-жумур аралашып жатканы сөзсүз түрдө улуу жетишкендиктерге кирет.


 2) Демократия жана сөз, ой эркиндиги


 Эгемен доорундагы Кыргызстандын экономикасынын араң жандыгы, өлкөдөгү саясый-экономикалык абалдын туруксуздугу жөнүндө ички жана тышкы сын-пикир болгондо биз кыргыздар саясатта аркы өйүз, берки өйүз экенибизге карабай баарыбыз, «бизде демократия жана сөз, ой эркиндиги бар»- деп актанып жүрөбүз. Ал акыркы мезгилдерде эл аралык деңгээлдерде да айтыла баштады. Чындыгында эле эгемен доорунда Кыргызстанда түптөлгөн демократия менен сөз, ой эркиндиктери көптөгөн постсоветтик республикаларга караганда салыштырмалуу мактана турган деңгээлде десек болот. Мындай көрүнүш көптөгөн эл аралык уюмдар тарабынан да ар дайым белгиленет. Эгерде коңшу жана башка айрым постсоветтик Республикалардын президенттери өз ордунда көзү өткөнчө же басалбай калганча олтуруп, анан өзүнүн ордун түздөн-түз мураскоруна, же өзү аныктаган адамга өткөрүп берүү калыптанса, бизде Кыргызстанда президенттер Конституцияда көрсөтүлгөн жана бекитилген тартипте, мөөнөттө кызматка келип кетери артка кайткыс болуп биротоло калыптанды. Эч ким көзү өткөнчө, же баспай калганча президент болуп олтуруп, анан ордун мурастап кете албайт. Салыштырмалуу түрдө Кыргызстанда гана президенттен тартып кимди болбосун, ачыктан-ачык сындай алат. Ал түгүл Кыргызстандагы демократия анархияга, сөз, ой эркиндиги «айткан сөзүмө эч качан жооп бербейм» стадиясына өтүп бараткандыгы да байкалат. Демократия, сөз, ой эркиндигиндеги биз мактанып жазып жаткан жетишкендик, 30 жыл ичинде Кыргызстанды бир үй-бүлөнүн мамлекетине айланткысы келишкен президенттерге каршы чыгышкан элдик күрөштүн жемиши. Аны кайсы бир президент орноткон жок.


 3) Кыргыз эли өзүн-өзү дүйнөгө тааныткан элге айланды


 Тунгуч президент Акаевдин анын жолун жолдошкон калгандарынын Кыргызстанда үй-бүлөөлүк башкаруунун ар кандай түрүндө авторитаризмди орнотуу аракеттери ишке ашпады. Элдин үч жолку (2005-ж. март, 2010-ж. апрель, 2020-ж. октябрь) үй-бүлөөлүк башкарууга, адилетсиздикке, каршы толкундоосу ага жол бербеди. Азыркы Кыргызстандагы демократия менен сөз, ой эркиндиктерин бекем орнотуу үчүн, керек болсо канын, жанын аябай ар кандай диктатурага каршы туралган, жан дүйнөсүндө кулчулук сезими жок, тоо бүркүтүндөй эркин эл экенин кыргыздар 30 жылда үч жолу көрсөтө алды. Кыргыздардын үч жолку күрөшүнүн маңызын андап билгендер «бали кыргыз», «жаша кыргыз», «жүз кыргызым болсочу» - деп тамшанышты, кыргызга таң берди. Түшүнбөгөн түркөйлөр «тополоң эл», «хулиганчылык», «мастар», «бандиттер» демиш болуп жүрүшөт. Ошентип совет доорунда «белгисиз эл» атанган кыргыздар 30 жылда өзүн-өзү эркин эл экенин оң жагынан тааныткан элге айландык. Ылайым кыргыз элиме өздөрү орноткон демократиясы- эркиндиги, ынтымагы, биримдиги менен бирге түбөлүк буюрсун!


4) Калкынын саны


Кыргызстандын калкынын саны, 2021-жылга карата 30 жылда 33 пайызга көбөйгөнү сүйүнө турган көрүнүш. Эгерде 1990-жылы Кыргызстандын калкынын жалпы саны 4 342 621 киши болсо, 2021- жылга карата 6 640 968 кишиге жеткен. Анын 73,8 пайызын кыргыздар, 14,9 пайызын өзбектер, 5,2 пайызын орустар, калганын 100гө жакын ар кандай элдер түзүп, Кыргызстан көп улуттуу өлкө катары эсептелет.


5) Илим, билим, спорт, маданият, искусство, жана кесипкөйлүк абалы


Эгерде 70 жылдык совет мезгилинде кыргыздар негизинен «ата кесиби» делинип, көбүнчө мал чарба тармагында эмгектенишсе, эгемендиктин 30 жылдык кыска мезгилинде, дыйканчылык, соода, тамак-аш жана башка калкка кызмат көрсөтүү тармактарында эмгектенген кыргыздардын саны кескин өстү. Азыр кыргыздар иштебеген бир да тармак жок. Бүгүн Кыргызстанга келген кандай гана адам болбосун заманбап кыргыздын улуттук кухнясы менен катар дүйнөнүн башка элдеринин кухнясын кыйналбай таба алат. Т.Эгембердиев негиздеген «Шоро» компаниясы таза сүт азыктарынан жасалган кыргыздын улуттук ичимдиктерин заманбап даярдап сатып, дүйнөгө тарата алса, А.Салымбеков негиздеген Дордой соода базары Борбордук Азиядагы эң чоң жана эң арзан базар катары бүткүл постсоветтик элдерге белгилүү. Кыргыздын улуттук менталитетине жараша заманбап курулган чайхана, тойканаларды, мечит, көк бөрү тартчу аянтчаларды Бишкек, Ош шаардарында эле эмес ар бир райондо, айылда жолуктурасын. Кыргыздар билим алуу, өнөр үйрөнүү жагынан, турмуштун тартыштыгына, мамлекеттик колдоонун жоктугуна карабай өз заманынан артта калбай мурда негизинен Россиянын борбордук окуу жайларынан гана билим, өнөр алышса, эгемендиктин мезгилинде Европанын, АКШнын, Кытайдын, Япониянын, Кореянын, Малайзиянын, айрыкча Түркиянын жогорку окуу жайларынан билим алып жатканы сүйүндүрбөй койбойт. Илим, билим, спорт, искуство, көркөм өнөргө мамлекетибиз жетиштүү түрдө көмөк көрсөтө албаса да, кыргыздын Көк бөрү, Алыш сыяктуу улуттук оюндары эл аралык деңгээлге көтөрүлүп жатат. «Курманжан датка», сыяктуу кино тасмаларыбыз дүйнө фестивалдарында байгелүү орундарды алышты. Эгемендүүлүктүн алгач жылдарында Д.Садырбаев, Ш.Дүйшеев, эл ырчысы аталган С.Момбеков сыяктуу эл адамдары кыргызды кайдигерликтен ойготууга чоң салым кошушту. Акындар О.Султанов, Ш.Дүйшеев, А.Өмүрканов, Б.Карагулова ж.б. артынан чыгышкан маркумдар: З.Ажыматов, А.Исмаилов жана А.Аяпова, Д.Каримов, А.Ахматов, А.Капалова, А.Кубанычбеков, Р.Изатова, А.Бакирова, Б.Жамгырчиев сыяктуу акын-жазуучуларыбыз бар. Саякбай менен Сагынбайдын жолун улантышкан Т.Бакчиев, Р.Исаков, З.Баялиев сыяктуу ондогон манасчылар чыгышты. «Камбаркан» улуттук - фольклордук ансамблинин жолун жолдошкон «Ордо Сахна», «Доор», «Устат Шакирт» ж.б. ансамблдер жаралды. Эгемендик мезгилинде кыргыз тарыхын орус жана советтик идеология жытынан арылтууга маркумдар Т.Кененсариев менен Т.Өмүрбеков, ошондой эле А.Осмонов, Т.Чоротегин, К.Молдокасымов, Б.Абытов сыяктуу тарыхчылар чоң салым кошууда. Дүйнөгө белгилүү хирург-ортопед С.Жумабеков, режиссёрлор Э.Абдыжапаров, С.Шер-Нияз, Э.Асаналиев, Р.Осмоналиев кыргыздын атын чыгарып ондогон өлкөлөрдүн, эл аралык уюмдардын, фестивадардын сыйлык наамдарына ээ болушту. Аттары дүйнөгө даңазаланып жаткан дүйнөнүн жана Азиянын чемпиондору, олимпиадалардын жеңүүчүлөрү В.Шевченко, А.Тыныбекова, А.Аманбеков, Н.Рустембек уулу, К.Аббасов, А.Махмудов, К.Бегалиев, М.Жуманазарова ж.б. ондогон спортсмендерибиз чыкты. Маркумдар: Э.Иманалиев менен М.Керим кызы, жаш акындар А.Туткучев, Ж.Жумакадыр, А.Болгонбаев, С.Садыкова, К.Турапов, Б.Борбиев, Омар, Г.Калыков, М.Атабеков, А.Cманов, А.Сыдыков, Ж.Дурусалиев, Н.Азыкбаева, Э.Самарбекова, Р.Жумабеков, З.Дүйшенбек уулу, Ч.Мелисбеков, С.Каримова, Н.Насип сыяктуу ырчы музыкантарыбыз кыргыздын желегин желбиретишип, спорт, маданият жана искуствосун даңазалашып жатышат. Сөз эркиндигинин пионерлери катары Азаттык радиосу, анын ондогон журналистери, З.Сыдыкова, Б.Назаралиев, Р.Приживойт, Ч.Абыкеев ж.б эсептесек, алардын жолун жолдошкон Н.Анаркулов, А.Сартбаев, Г.Шерипбаева, А.Токтакунов сыяктуу курч журналистер 4-бийликтин көркүн чыгарышууда.


6) Бизнес, ишкер чөйрөсүндө


Көзкарандысыздык менен бирге, мурдагы жогортодон түшүрүлгөн буюртма пландуу экономикадан баш тартылып, эркин рынок экономикасына багыт аларыбыз да кошо жарыяланган. Мамлекетибиз рынок экономикасын элибиз сүйүнгүдөй жолго коё албаса да, мамлекеттин, элдин байлыгына колун салбай өз мээнеттери менен Кыргызстандын экономикасына чоң салым кошуп жатышкан постсоветтик деңгээлдеги бизнесмен, ишкерлерибиз жок эмес. Алардын эң белгилүүлөрүн атай кетели: Ө.Бабанов, А.Салымбеков, маркум Т.Эгембердиев, Ш.Абдыкеримов, К. Жүзүмалиева ж. б.


7) Саясый партиялар, саясый коомдук кыймылдар


Тарыхта толук аныкталбаган, талаштуу бирок Сталиндик репрессияга кабылгандарга негизги айып катары тагылган документтерге таянсак, Совет мезгилинин алгачкы жылдарында (1917–1937-ж.ж.) Кыргызстанда Алаш жана Туран саясый партиялары аракеттенгени боюнча маалыматтар бар. Башка саясый партиялар, кыймылдар жөнүндө, расмий маалыматтар жок. 1990-жылга чейин Кыргызстанда бийликтин жана элдин партиясы атанган Коммунисттик партия, жана профсоюз, комсомол уюмдары гана болгон. Эгемендиктин 30 жыл ичинде, же 2021-жылга карата саясый партиялардын саны 264 жетип, 3 миңден ашык ар кандай саясый-коомдук кыймылдар, жарандык коомдор катталган. Элдин саясый жактан өсүшүнө, демократиянын, сөз эркиндигинин Кыргызстанда бекем орношуна, калыптанышына саясый партиялардын, кыймылдардын, жарандык коомдордун, эркин прессанын ролу ат көтөргүс экенин белгилөөгө милдеттүүмүн. Мисалы 1990-жылдын аягында, башында А.Масалиев турган компартияны бийликтен кетиргенге 1990-жылдын 26-майында түзүлгөн Кыргызстан демократиялык кыймылынын (КДК), 2005-жылы март революциясынын жеңиши менен Акаевдин үй-бүлөөлүк бийлигинин кулашына Кыргызстан Элдик Кыймылынын (КЭК), 2010-жылкы апрель ыңкылабынын жеңиши менен Бакиевдин үй-бүлөөлүк башкаруусу кулашына Бириккен Элдик Кыймылдын (БЭК) салымдары өтө чоң. Эгемендиктин доорунда түзүлгөн алгачкы саясый партиялар: Эркин Кыргызстан демократиялык партиясы, (ЭРК) Асаба улуттук кайра жаралуу партиясы, Ата-Мекен либералдык партиясы болуп эсептелинет. Булар негизинен КДКнын курамынан өз алдынча саясый партия катары бөлүнүп чыгышкан, көз караштары идеялык жактан туура келишкен адамдардын тобу тарабынан түзүлгөн партиялар болгон. Партиялардын аттары көрсөтүп тургандай, бири демократияны, экинчиси улуттук кайра жаралууну, үчүнчүсү ошол кезде мода болуп жаткан батыштын либерализмин жакташкандар түзгөн партиялар болушкан. Партиялардын жеке ээси болгон эмес. Менчик жана бийликтин үй-бүлөөлүк партиялары1994-жылдардан кийин түзүлө баштаган.


8). Жарандык, бейөкмөттүк уюмдар.


Кыргызстанда демократиянын, сөз эркиндигинин калыптанышына, адам укугунун сакталышына бейөкмөттүк уюмдардын, жарандык активистердин кошкон салымын да белгилеп жүрүшүбүз керек. Азыркы Кыргызстан эң кучтүү жарандык коому бар өлкө болуп да эсептелет. Эгемендиктин 30 жылдык мезгилинде 3500 бейөкмөттүк уюм катталганы белгилүү. Алар негизинен адам укугу, сөз эркиндиги, улуттук азчылыктын укуктары, аялдардын укуктары ж.б. социалдык, маданий чөйрөлөрдө, активдүү иш жүргүзүшүүдө. Эгемен Кыргызстанда Н.Аблова, Т.Акун, Р.Дырылдаев, Э.Байсалов, Т.Исмаилова, А.Абдрасулова, Ч.Джакупова, Д.Аширахунова, А.Сасыкбаева, Р.Карасартова, сыяктуу ондогон эл аралык деңгээлдерде иш алып барышкан жарандык коомдун активистери чыгышты.


9) Аялдардын коомдогу ролу


 Кыргыз аялдары илгертеден эркектерден кем калышпай, ички жана тышкы маселелерде чоң роль ойноп келгени тарыхтан белгилүү. Кыз Сайкал, Кыз Куялы, Жаңыл Мырза сыяктуу батырлар эрдиги менен элин сакташса, Манастын Манас болушуна Каникейдин ролу өтө чоң экени белгилүү. Кокон ордосунда Жаркынайым-ханайымдын ролу чоң болсо, Орус империясы менен Алайлык кыргыздардын өз ара алакасы түзүлүшүнө, Алай ханышасы аталган Курманжан Датканын эмгеги тарыхта калды. Совет мезгилинде да У.Салиева, З.Кайназарова, Б.Бейшеналиева, академик Б.Орузбаева, Г.Кондучалова, Г.Момуновага окшогон ондогон эмгектин, маданияттын, илимдин мыктылары, советтик мамлекеттик, ишмерлер чыккан. Ушул традицияны улантып эгемен доордо кыргыз кыздарынан арасынан Кыргызстандын президенти, (Р.Отунбаева), Конституциялык Соттун төрайымдары (Ч.Баекова, К.Сыдыкова), Жогорку Соттун төрайымдары (Ф.Жамашева, А.Токбаева, Г.Калиева, Н.Бакирова), Башкы прокурорлор, (Ч.Баекова, А.Салянова), жана башка ондогон вице-спикер, вице-премьер, министрлер, дипломаттар чыгышты. Эркектер менен альтернативдүү шайлоодо жеңүүчү болушкан ондогон депутаттар чыккан. Күрөш боюнча дүйнөнүн чемпиондору А.Тыныбекова, Олимпияданын призеру М.Жуманазаровага окшогон балбан кыздарыбыз бар. 2007-жылдан берки ЖКнын депутаттарын тандоо саясый партияларга берилип, ошондон бери үй-бүлөлүк парламент түзүү жана айрым арамза саясатчылардын жеке арам кызыкчылыктары менен, аялдарга атайын квото белгиленип, кыргыз кыздарынын илгертеден эркектерден эч качан калышпаган тең укуктуулугу, баатырлык менталитети аброю тепселенип басмырланып, кыздарыбыздын «мыктылары» партия ээлери тарабынан тандалып калды. Бул өкүнүчтүү көрүнүш убактылуу жаңылыштык деп ойлойм. Постсоветтик өлкөлөрдө эле эмес, бүтүндөй дүйнө жүзүндө кыргыз кыздарындай болуп, мейли эмгекте, спортто, маданият-искусстводо, саясатта, мамлекеттик эң жогорку кызматтарда жүрүшкөн кыздары менен сыймыктана турган элдер, өлкөлөр жокко эсе. Биз кыргыздар кыздарыбыз менен сыймыктанышыбыз керек!


10) Кыргызстандын администрадивдик-аймактык түзүлүшү


Убагында Туркестан губерниясынын төрт областына бөлүнүп чачылган кыргыз эли, Совет доорунан бери унитардык бир бүтүн Кыргызстан деген өз үйүнүн ээси. Азыркы Кыргызстан 7 областан, 40 райондон, 453 айыл аймагынан турат.


Кыргызстанда эки республикалык, (Бишкек, Ош), 12 областык, 17 райондук маанидеги шаар, 9 шаар тибиндеги поселка, 1941 эл жашаган айыл бар.


 2. ЖОГОТКОНДОРУБУЗ…


 Советтик Кыргызстан 70 жылда жеңил жана башка өнөр жайлуу, агрардык сектору өннүккөн Республика болгон. Элибиз негизинен мыкты заманбап жабдылган эки-үч смен менен иштеген ондогон завод, фабрика, комбинаттарда, мал чарбасында, пахта, тамеки, дан, жер-жемиш, мөмө- жемиш, ал эми бир катар токой чарбадарында жаңгак, мисте, бал өндүрүү менен эмгектенишкен. Жумушсуздук деген болгон эмес. Эгемендүүлүгүбүз жарыяланган 1991-жылга карата Кыргызстандын экономикалык көрсөткүчтөрү башка союздук республикаларга караганда салыштырмалуу бир топ алдыда болгон. 1989-жылы октябрь айында Ош, Чуй областтарында Орто Азия Республикаларынын ошондогу башчылары: И.Каримов (Өзбекстан), Н.Назарбаев (Казахстан), С.Ниязов (Туркменстан), К.Маккамов (Таджикстан), алардын областарынын жетекчилери, ошол кездеги СССРдин төбөлдөрүнүн бири, КПСС БКнын катчысы Е.Лигачевдин катышуусунда, Кыргызстандын агросекторундагы жетишкендиктерди башка республикаларга жайылтуу максатында жалпы союздук семинар-көргөзмөлөр өткөрүлгөнү муну далилдейт. Ошондогу Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы А.Жумагулов, 1990-жылдын декабрь айында кызматынан кетирилип, кайра 1993-жылдын декабрь айында кайрадан Өкмөт башчы болуп келгенде Кыргызстандын үч жылда кыйраган экономикасын көрүп, минтип жазган: «мне пришлось решать иную задачу - как выжить! В результате реформ, осуществлявшихся с помощью Запада в 1991–1993-годах в стране начались процессы, повлекшие за собой глубокие негативные изменения в экономике и в общественном устройстве…».


1) Өнөр жайы


Бирок өзү экинчи жолу жетектеген 1993-1997-жылдардагы Кыргыз Өкмөтү деле ошол эле Дүйнөлүк Банк менен Эл аралык валюталык фондун жетекчилигинде үч жылдык программа кабыл алып, батыш таңуулаган PESAC программасынынын алкагында бүтүндөй өнөр жай сектору «дикий» приватизацияга кабылган. Азыр 30ка чыккан кыргыз, 60ка чыккан атасынан азыркы «Азия-мол» магазинин ордунда «Инструментальщик» деген спорт комплекси болгонун, Бишкекте үч смен менен миңдеген жумушчулар иштеген Ленин, Фрунзе заводдору, Эт, Ун комбинаттары,Тигүү фабрикалары иштеген десе, муну жомок катары кабыл алат. Анткени, алар бүгүн түп орду менен жок. Алардын ордуна рынок экономикасына ылайыкташтырылган жаңы ишканалар кайра түзүлбөдү. Бишкектин так ортосунда көп жылдардан бери иштебей турган Нарын рестораны болгону 25 миң долларга, «Боз жорго» деген дагы бир чоң ресторан 44 сомго сатылган десе да ишенбейт! «Прихватизация», менчиктештирүү реформаларын президент Акаев өзү жеке чечкен жана ал тууралуу 1991-жылдын 28-июнунда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттарга ачык айткан жана ошол сөзүнө туруп, тар чөйрөсү менен аны ишке ашырган.


2) Айыл чарбасы


Кыргызстандын айыл чарбасы да, КРнын Жогорку Кеңеши же КРнын Өкмөтүнүн чечими менен эмес, чет элдик донор уюмдарынын шарттарына ылайык, КРнын президентинин Жарлыктары менен жеке менчиктерге таркатылган. Мисалы 1991-1994-ж.ж. 504 колхоз-совхоз жоюлган,12 млн го жакын кой-эчкинин саны 5,1 млн го, уйдун саны 1,2 млн дон 0,9 млн го, жылкы 445 миңден 300 миңге,15 млн канаттуулар 2,2 млн го кыскарат. 1994-ж. 22-февралындагы КРнын Указы менен айыл чарба жерлери дыйкандарга 49 жылга бекер таркатылганы менен, айрым дыйкандар ондогон га жерге айрым депутаттар же чиновниктер жүздөгөн га жерлерге ээ болушса тоолуу райондордун дыйкандары бир сотыхка чейин гана суулуу жер үлүшкө ээ болушкан. Мисалы Аксы районун тоолуу айыл аймактарында жашаган төрт адамга бир сотых суулуу айдоо жери үлүшкө тийип, президенттин ошол Жарлыгына ылайык алар дагы жумуш менен камсыз болгон адам болуп эсептелген.


3) Элдин байлыгын, кен-байлыктарды, кредиттерди, каражаттарды, талап тоноолор


Кыргыз бийлигинин «дикий» менчиктештирүү жана приватташтыруу саясаттарынан завод-фабрика, колхоз-совхоздордун мүлктөрү эле чачылып тонолбой, реформа үчүн, чет элдик донорлордон жана эл аралык донор уюмдарынан алынган жүздөгөн миллиондогон акча каражаттары жана мамлекеттик акчалар жеке ишкерлерге жана дыйкандарга делинип, Акаевдин тар чөйрөсү тарабынан эч кандай көзөмөлсүз каалагандай чачылган. КРнын Жогорку Кеңешинин архивинде сакталган документтерге, фактыларга таянып «разбазариваниянын» айрымдарын жаштарыбызга мисал кылып айта кетели. 1991–1992-жылдары элдин байлыгы болгон тоо-кен тармагын иштетүү, ага инвестор тартуу укугу, ага чейин өндүрүлгөн алтындарды пайдалануу, КРнын президенти Акаевдин 1992-ж. 13-октябрындагы № УП 340, атайын жарлыгы менен «Сиабеко-Кыргызстан» мамлекеттик жана менчик корпорациясы түзүлүп иш-жүзүндө чет элдик «Сиабеко» компаниясына берилген. Ошентип Кыргызстандын кен-байлыктарда эч кандай үлүшү болбой калган. Ага башкасын айтпаганда да, кылымдын коррупциясы деп аталып, ушул чакта анын чыры чокусуна жетип турган, Кумтөр алтын кенин мисал катары атасак жетиштүү болот. 1992-жылдын аягында ошол эле «Сиабеконун» ээси Б.Бирштейндин менчик самолету менен «Макмалдан» өндүрүлгөн 2 тн жакын алтыныбыз контрабандалык жол менен Цюрих шаарындагы учредителдери Б.Бирштейн жана ошол кездеги Кыргызстандын Өкмөт башчысы Т.Чынгышев болгон «Вико» компаниясы тарабынан афинаж үчүн ташылып кетип, парламенттик комиссия ачыкка чыгарганга чейин 13 ай аталган компаниянын карамагында пайдаланылган. 1986-1991-жылга чейин Макмалда өндүрүлгөн 14,5 тн. алтын Россиядан афинаждан өткөрүлгөндөн кийин, белгисиз себептер менен Кыргызстанга алып келинбеген. 1991-1996-жылдар аралыгында, бюджеттик кредиттердин көпчүлүк бөлүгү бир гана президенттин айланасындагы тар чөйрөнүн аныктоосу боюнча аныкталган коммерциялык фирмаларга, жеке адамдарга берилип, кайтарымы 53 пайыз гана болгон. Мисалы президенттин Жарлыгы менен айыл чарбасына бөлүнгөн 652,9 млн сомдун 60 миллиону «Дыйкан Ордо» ассоциациясына берилип, анын 24 миллиону белгисиз жакка иштетилген.


Ошол кездеги Улуттук Банктын төрагасы жана Каржы министри болуп иштеген К.Нанаевдин жакындарына 1 млн доллар нак кредит берилген. Өкмөт башчынын биринчи орун басары Г.Кузнецовдун чечими менен 1,5 млрд сом Россиянын Ставрополь шаарына чыгарылса, дагы бир биринчи вице-премьер Иордандын чечими менен 4,5 миң тонна пахта алдын ала төлөмүсүз бартерге Россияга чыгарылып кеткен. Бишкектеги «Зенит», «Ак-Куу», «Миң түркүн» сыяктуу ири соода түйүндөрү, Сары-Челек сыяктуу мейманканалар ЖКнын айрым депутаттарына болбогон акчага сатылган. Ошол жылдары Кыргызстанда жайгашкан СССРдин аскер күчтөрүнүн техникалары, Кыргызстандын юрисдикциясына өткөнүнө карабай, Өкмөттөгү башаламандыктан пайдаланылып чет жактарга чыгарылып же сатылып кеткен. Мисалы 1992-жылы 30-декабрда вице президент Кулов түзгөн «Канат деловой долбоору» менен Таджикстан үчүн Россиянын Алекс фирмасына: эки Т-72 Танкы,12 даана БМП, АКМ-76,2 маркасындагы 150 автомат 280 миң даана огу менен сатылса, КРнын депутаты, генерал Белодски тарабынан М-39 маркасындагы 59 самолет Россияга чыгарылып, бир нече вертолёт чыгарылганы жатканда токтотулган. Мамлекеттик мүлк фонду өзүнчө чарба эсептеги уюмга айланып, бир жылда 16 коммерциялык уюмга 14 млн сом мамлекеттик каражат процентке берилген. Ал эми милдеттүү төлөнүүчү салыктан, жана башка төлөмдөрдөн ишканаларды, коммерциялык уюмдарды, жеке ишкерлерди мыйзамсыз бошотуу Өкмөт башчыдан, Салык инспекциясынын башчысына чейин өнөкөткө айланган. Мисалы Өкмөт башчы Чынгышевдин буйругу менен Госкоминвест 25500 сом жана 12 600 доллар төлөмдөн бошотулса, анын 1-орун басары «Кыргызинтурист» АКсы менен «Тяжэлектромаш» заводун 280 000 сомдук штрафтан, Салык инспекциясынын башчысы «Дастан» АКсын 199 000 сомдук штрафтан бошоткон. Булар ошол кездеги «бардактын» айрым гана фактылары.


Мамлекеттик башкаруудагы ушундай көрүнүш, бүтүндөй Кыргызстанда орун алган.1994–1997-жылдын июль аралыгында мамлекеттик мүлктөрдү, акча каражаттарын уурдаган жана башка экономикалык кылмыштар менен Кыргызстандын ар кандай тепкичтеги 173 депутатына, анын ичинде 11 Жогорку Кеңештин депутатына кылмыш иш козголгон. Бирок Жогорку Кеңештин бир дагы депутаты кол тийбестик укугу алынбагандыктан камалган эмес.


Азимбек Бекназаров

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Канзада
Аябай сонун маалыматтар экен . коп нерселерди билип алдым.