Бугу 03, 2024
Убакыт: 10:26
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Кыргызстан эмне үчүн "Белестен" эмес, Кытайдан автобустарды сатып алды? Эрбол Султанбаев түшүндүрмө берди

31.01.2023 21:43
212
Кыргызстан эмне үчүн "Белестен" эмес, Кытайдан автобустарды сатып алды? Эрбол Султанбаев түшүндүрмө берди

Эртең  борбордук аянтта Кытайдан сатылып алынган 120 жүргүнчү ташуучу автобустар тапшырылат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.


Маалымат катчы  эмне үчүн "Белес" ата-мекендик автобус алынбаганынын себебин төмөндөгүчө түшүндүрдү.


"Кытайдан алынган автобустар газ менен жүрөт.  

Учурда "Эмнеге чет жактан алабыз, атамекендик "Белес" компаниясынын автобустарын алса болбойбу" деген пикирлер да бар. 


Аталган жергиликтүү компания унутта калтырылган жок. "Белес" менен Бишкектин мэриясы сыноо иретинде беш унааны сатып алуу меморандумуна кол койгон. 


Аталган компания азыркы учурда дизель менен жүрүүчү бир автобусту чыгарган, ал эми Бишкек шаарынын бийлиги ыш көйгөйүнө байланыштуу экологиялык таза транспортко (газ жана электроэнергия менен жүргөн) артыкчылык берүүдө. 


Анын үстүнө, учурда 

"Белес" компаниясында массалык түрдө, 100дөн ашуун автобус жеткирүү мүмкүнчүлүгү жок. 


Ошондуктан, учурда "Белес" компаниясы газ менен жүрө турган автобустарды чыгаруунун үстүндө иштеп жатат, андан соң мэрия компаниянын автобустарын сыноо үчүн алат",- деп айтылат Султанбаевдин билдирүүсүндө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн