Бугу 15, 2024
Убакыт: 09:02
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Кыргызстан кайсы өлкөлөрдөн буудай жана ун импорттойт?

16.08.2023 10:13
404
Кыргызстан кайсы өлкөлөрдөн буудай жана ун импорттойт?


Кыргызстанга ташып келинген буудайдын басымдуу бөлүгү Россиядан, ал эми ун Казакстандан сатып алынат. Бул туурасында Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылган.


Эске салсак, Кыргызстан өзүн-өзү дан менен толук камсыздай албайт, андыктан ун менен буудайды импорттоого туура келет.


Буудай тууралуу маалымат


Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында Кыргызстан дандын мындай түрүнөн 162,3 миң тонна сатып алган:

- Россиядан — 157 963,6 тонна;

Казакстандан — 4 288,7 тонна;

- Түркиядан — 0,2 тонна.


Демек, ташып келинген буудайдын дээрлик 100 пайызы Евразия экономикалык биримдигиндеги өлкөлөргө туура келет.


Ун тууралуу маалымат


Январь-июнь айларында Кыргызстан 13,7 миң тонна буудай жана буудай, кара буудай унун импорттоду. Сатуучу өлкөлөр:

- Казакстан — 12 577,9 тонна;

- Россия — 1 118,7 тонна;

- Түштүк Корея — 0,2 тонна.


Ун боюнча кырдаал дагы буудайга окшоп, дээрлик баары ЕАЭБ өлкөлөрүнөн алынары белгилүү болгон.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн