Бугу 20, 2024
Убакыт: 14:56
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Кыргызстан коронавирусту тез аныктоочу 5 миң экспресс-тест сатып алды

23.03.2020 08:59
538
Кыргызстан коронавирусту тез аныктоочу 5 миң экспресс-тест сатып алды


Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустук инфекцияны тез аныктоочу 5000 экспресс-тест сатып алды. Экспресс-тесттер республиканын аймагында коронавирустук инфекциянын таралышын алдын алуу жана болтурбоо боюнча КР Каржы министрлигинде ачылган атайын эсептик каражатка сатылып алынды. 


Экспресс-тесттин салттык тестирлөө ыкмалардан артыкчылыгы - жөнөкөйлүгүндө, арзандыгында жана жыйынтыгынын тез чыгышында. 


Бул тесттер 20 мүнөттүн ичинде коронавирустун бар экендигин аныктоого жана республикада вирустун жайылышын таратпоого артыкчылык берет.


Серологиялык реакция улана берсе, милдеттүү түрдө ПЦР анализ жүргүзүлөт. 


Адистер бүгүнтөн тарт баштап коронавирусту дал ушул экспресс-тесттердин жардамы менен аныктай башташат. 


Бул экспресс-тесттер Кытайда, Түштүк Кореяда, ошондой эле дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө жаңы коронавирусту аныктоодо оң тажрыйбаларын көрсөткөн.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн