Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 06:05
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кыргызстан коронавирустун экинчи толкунуна туруштук бере алабы? Эксперттин пикири

24.06.2020 11:26
2014
Кыргызстан коронавирустун экинчи толкунуна туруштук бере алабы? Эксперттин пикири


Саламаттыкты сактоо боюнча эксперт Нинель Кадырова коронавирустун экинчи толкуну тууралуу жана Кыргызстан ага кантип туруштук бериши керектиги боюнча өзүнүн пикири менен бөлүштү. Маекти медиаэксперт Елена Баялинова социалдык тармактагы өзүнүн баракчасына жарыялады. 


Нинель Кадырова белгилегендей, вирус күн сайын калкты каптап бара жатат. Анын экинчи толкуну боло турганы талашсыз. Көптөгөн жарандарда бул оорунун белгилери байкалбай, жеңил формада өтүп жатат. 


"Азыр күзгө чейин убакыт бар. Анда кайрадан дарыгерлердин мойнуна оор жүк түшөт. Ага азыртадан даярдык көрүү керек. Карантиндик чаралар жеңилдетилгенден кийин медициналык кызматкерлерге оор жүк түшкөнүн көрдүк. Дарыгерлер өздөрү коронавируска чалдыгып калгандан кийин алардын кесиптештеринде өз өмүрү жана бир туугандары үчүн кооптоонуу пайда болду. Мындан улам биздин саламаттыкты сактоо тармагы жаңы сыноолорго даярбы? деген суроо жаралбай койбойт", - дейт эксперт. 


Анын пикиринде, азыр дарылерлерди оорудан сактоонун жолдорун кароо керек. 


"Учурда медициналык кызматкерлер мониторингди аралыкта жүргүзүшсө болот. Ар бир үй-бүлөлүк дарыгерде бейтаптардын тизмеси, алардын дареги жана телефон номуру киргизилген компьютер бар да. Аларды онлайн тейлөө тартибине өткөрүү керек. Бейтап менен дарыгерлин коммуникациясын жакшыртуу үчүн ар бир жарандын жеке кабинети өзүнүн телефонунда болушу керек.  Дүйнө жүзүндө аралыктан мониторинг жүргүзүү эрежелери мурунтан эле кирген. Мындай жол менен дарыгерлердин ооруга чалдыгышынан сактап калууга болот", - дейт ал. 


Анын айтымында, бейтаптар дарыгерге баруу үчүн алдын ала жазылууга көнүшү керек. 


"Медициналык мекемеде бейтаптардын топтолушун алдын алуу үчүн алар дарыгер менен кабарлашып алышы керек. Ал эми алдын ала жазылбай келген бейтаптар үчүн атайын күтүү зонасын уюштуруп, атайын табло менен дарыгерге чакыруу керек. Пандемия биздин медициналык кызматкерлер өздөрү колдоого муктаж экенин ошол эле учурда коомго канчалык керек экенин көрсөттү. Коомчулук дагы саламаттыкты сактоо системасына жардам берүүсү керек", - деди Нинель Кадырова. 


Анын айтымында, кыйын кырдаалга карабай,  дарыгерлер өз милдеттерин аткарып жатышат. 


"Медициналык кызматкерлер жумушун таптап кетпестен, өз милдеттерин так аткарып жатышат. Эми алардын маянасын көтөрүү менен өмүрү коркунучта болгону үчүн кошумча акча төлөп берүү зарыл. Бул маселе буга чейин деле козголуп келген. Пандемия учурунда дарыгерлер коомчулукка канчалык керек экенин түшүндүк", - деди ал. 


Нинель Кадырова коронавирустун экинчи толкуну болору талашсыз экенин айтат. 


"Кыргызстан учурда коронавирустун экинчи толкунуна канчалык даяр экендиги жогорку кызматтагылардын саясий эрктүүлүгүнө барып такалат. Азыр саламаттыкты сактоо системасы өлкөнүн экономикасына  жана элдин саламаттыгына аболгон инвестиция экенин түшүнүү керек",  - деди эксперт.  







Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн