Бугу 19, 2024
Убакыт: 07:57
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргызстан кошуна өлкөлөрдөн электр энергиясын импорттоону токтотту

16.11.2021 13:41
620
Кыргызстан кошуна өлкөлөрдөн электр энергиясын импорттоону токтотту


Кыргызстан кошуна өлкөлөрдөн электр энергиясын импорттоону токтотту. Мындай пикирин Энергетика министри Доскул Бекмурзаев "Азаттык" үналгысына берген маегинде билдирди.



"Кошуна мамлекеттерде дагы чоң тартыштык бар. Казакстан, Өзбекстан, Кытай  дагы чектөөлөрдү киргизип жатат. Биз лимитти аргасыз, жарык менен отуралы деп киргизип жатабыз. Кошуна өлкөлөр, Россия менен байма бай сүйлөшүп жатабыз. Анткени жайында аларга суу керек, бизге электр энергиясы керек. Токтогул суу сактагычынын бир тамчы суусун дагы бүгүн биз ирригацияга пайдаланбайбыз. Анын бардыгы кошуна өлкөлөргө, Өзбекстанга, андан ашканы Казакстанга кетет. Аларда дагы кыйынчылык болуп жатат. Азыр импорт токтоп турат. Өзүбүздүн генерация менен иштеп жатабыз. Өзбекстанда импорт келе турган линияда авария болуп, өздөрүндө тепловой станциясында ремонт иштери жүрүп токтоп турат. Биздин максат элди кыштан алып чыгуу. Бул техникалык маселелерди саясатка аралаштырбашыбыз керек", - деди Бекмурзаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн