Кулжа 17, 2025
Убакыт: 18:33
USD
87.30
87.80
EUR
100.50
101.50
RUB
1.100
1.140

Кыргызстан менен АКШнын консулдук-миграциялык кызматташтыгы талкууланды

17.06.2025 13:47
22
Кыргызстан менен АКШнын консулдук-миграциялык кызматташтыгы талкууланды


Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин Консулдук бөлүмүнүн башчысы Кейт Коллинз менен жолугушту.


ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар консулдук тармактагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле анда АКШнын миграциялык саясатындагы акыркы өзгөрүүлөргө жана алардын кыргыз жарандарына мүмкүн болуучу таасирине өзгөчө көңүл бурулду.


Жолугушуунун жыйынтыгында консулдук жана миграциялык чөйрөлөрдө кызматташууну мындан ары да бекемдөө максатында үзгүлтүксүз байланышта болуу тууралуу макулдашууга жетишилди.


Жогоруда айтылгандарга байланыштуу, министрлик Кыргызстандын жарандарына АКШнын миграциялык мыйзамдарын так сактоо зарылдыгын дагы бир жолу эскертет. Аталган өлкөдө жүрүүнүн белгиленген мөөнөттөрүн бузуу, анын ичинде визанын жарактуулук мөөнөтүн өткөрүп жиберүү - камоого, депортациялоого жана АКШга кайра кирүүгө туруктуу тыюу салууга алып келиши мүмкүн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн