Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 08:41
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кыргызстан менен Афганистан товар жүгүртүүнү көбөйтүү ниетинде

30.08.2024 10:24
283
Кыргызстан менен Афганистан товар жүгүртүүнү көбөйтүү ниетинде


Өзбекстанда "Термез" эл аралык соода борборунун расмий ачылышынын алкагында Кыргызстандын экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев менен Афганистандын өнөр жай жана соода министринин милдетин аткаруучу Нуриддин Азизийдин жолугушуусу өттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда тараптар тоо-кен, нефтини кайра иштетүү жана башка тармактарда эки тараптуу кызматташуу маселелери талкуулашып, эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнүн потенциалын жогорулатуу ниетин билдиришти.

Ошондой эле Афганистандын өнөр жай жана соода министрлигинин башчысынын милдетин аткаруучунун Кыргызстанга боло турган сапары талкууланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн