Кулжа 18, 2025
Убакыт: 13:45
USD
87.30
87.80
EUR
100.00
101.00
RUB
1.100
1.140

Кыргызстан менен БУУ качкындар маселеси боюнча кызматташтыкты талкуулады

18.06.2025 09:12
19
Кыргызстан менен БУУ качкындар маселеси боюнча кызматташтыкты талкуулады


Күн мурун тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын Борбор Азия боюнча аймактык өкүлү Думитру Липкану менен жолукту. 


Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен БУУ КЖКБнын кызматташуусунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. 

Тактап айтканда, КЖКБнын өкүлү мамлекеттик органдар менен биргеликте качкындар жана башпаанек издеген адамдардын көйгөйлөрүн чечүү, Кыргызстанда жашаган жарандыгы жок адамдарды аныктоо жана каттоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымдады.


Министрдин орун басары Имангазиев Кыргызстан БУУ КЖКБнын ишмердүүлүгүн колдой тургандыгын жана анын мандатынын алкагында КЖКБ менен кызматташууну улантууга даяр экендигин баса белгиледи. 


Ал маалымдагандай, 2025-жылдын 25-февралында КР министрлер кабинети тарабынан жарандыгы жокторду азайтуу максатында жарандыгы жок адамдын статусун аныктоонун жана мындай адамдарга тиешелүү күбөлүк берүүнүн тартибин белгилеген жобо бекитилген.


Министрдин орун басары маектешин Кыргызстан качкындардын укуктарын коргоо маселесине өзгөчө маани берерине жана өлкө бул маселеде өз милдеттенмелерин ырааттуу түрдө сактай турганын ишендирди.


КЖКБнын өкүлү Липкану учурдагы кызматташтыктын деңгээлин жогору баалап, качкындардын укуктарын коргоо жана жарансыздык маселелери боюнча Кыргызстандын милдеттенмелерин ишке ашыруу маселелери боюнча Кыргызстанга көмөк көрсөтүүнү улантууга даярдыгын билдирди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн