Аяк оона 28, 2024
Убакыт: 22:47
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Кыргызстан менен Беларустун авиация тармагындагы окуу жайларынын кызматташуу келечеги талкууланды

24.06.2024 12:43
213
Кыргызстан менен Беларустун авиация тармагындагы окуу жайларынын кызматташуу келечеги талкууланды


Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев Беларусь мамлекеттик авиациялык академиясына барып, окуу жайдын ректору Артем Шегидевич менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Элчиликтен билдиришкендей, тараптар Кыргызстан менен Беларустун авиация тармагындагы окуу жайларынын кызматташуу келечегин, анын ичинде эки өлкөнүн авиация тармагындагы адистерди биргелешип даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Бул багыттагы, ошондой эле И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институту менен Беларусь мамлекеттик авиациялык академиясынын ортосунда түзүлгөн келишимдин алкагындагы кызматташууну активдештирүү жана алдыга жылдыруу тууралуу өз ара кызыгуусун жана даярдыгын билдиришти.

Ошондой эле элчи Эрбол Султанбаев аталган академияда студенттерди окутуу методологиясы жана процесси, анын ичинде учуу-навигациялык машыгууларда практикалык көндүмдөрдү колдонуу менен таанышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн