Бугу 19, 2024
Убакыт: 19:34
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргызстан менен Казакстан аба каттамдарын жандандырды

10.09.2020 10:44
957
Кыргызстан менен Казакстан аба каттамдарын жандандырды


Москва шаарында 9-сентябрь күнү тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков Казакстандын тышкы иштер министри М.Тлеуберди менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызаты билдирди. 


Маалыматка караганда, жолугушууда Айдарбеков Кыргызстандын жарандарын мекенине кайтарууда көрсөткөн көмөгү, кыргызстандык жүк ташуучуларга Кыргызстанга келүүсү үчүн транзиттик коридор уюштуруп бергени үчүн Казакстан тарапка ыраазычылык билдирди. 


Казакстан тарап Кыргызстан менен эл аралык аба каттамын жандандыруунун маанилүүлүгүн белгилеп, аба каттамын жандандыруу боюнча чечим кабыл алынганын билдирген. Ошондой эле Казакстан тарап кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл-өткөрмө бекеттери толук кандуу иштеп жатканын белгилеген.


"Жолугушуунун жүрүшүндө эл аралык жана аймактык, анын ичинде БУУ менен ЕАЭБдин алкагында кызматташуу маселелери каралды", - деп билдирет министрлик. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн