Бугу 09, 2024
Убакыт: 13:58
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Кыргызстан менен Казакстан чек арага өнөр жай соода-логистикалык комплексин ачат

15.01.2024 09:37
604
Кыргызстан менен Казакстан чек арага өнөр жай соода-логистикалык комплексин ачат


Кыргызстан менен Казакстан чек арага өнөр жай соода-логистикалык комплексин ачууну макулдашышты. Бул туурасында Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.


Министрдин орун басары Санжарбек Болотов коңшу өлкөнүн Жамбыл облусунун акиминин орун басары Канатбек Мадибек жетектеген делегация менен жолуккан.


Анын жүрүшүндө “Ак-Тилек” (кыргыз тарабы) жана “Кара-Суу” (казак тарабы) автожол постторунун аймагында логистикалык комплекс түзүү жана анын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу боюнча негизги маселелер талкууланган.


“Эки тарап тең бул долбоордун соода жана логистика тармагындагы кызматташтыкты чыңдоого, ошондой эле бизнести өнүктүрүүгө жана инвестиция тартууга жагымдуу шарттарды түзүүгө көмөкчү фактор катары маанилүүлүгүн баса белгилешти”, — деп айтылат маалыматта.


Натыйжада долбоорду ишке ашыруу үчүн Жолкартасын иштеп чыгуу боюнча биргелешкен жумушчу топ түзүү чечимин кабыл алышкан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн