Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:28
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Кыргызстан менен Казакстандын ИИМдери ведомстволор аралык кызматташуу маселелерин талкуулашты

24.08.2023 17:47
383
Кыргызстан менен Казакстандын ИИМдери ведомстволор аралык кызматташуу маселелерин талкуулашты


Бүгүн, 24-августта Чолпон-Ата шаарында Кыргызстан жана Казакстандын ички иштер министрлеринин эки тараптуу жолугушуусу өттү.

КР ИИМден билдиришкендей, жетекчилер ведомстволор аралык кызматташуу маселелерин талкуулап, Кыргызстан менен Казакстандын ИИМдердин ортосунда кылмыштарды алдын алуу, аныктоо, бөгөт коюу жана бетин ачуу жаатындагы кызматташтыкты бекемдөө, ошондой эле коомдук тартипти сактоо жана коомдук коопсуздукту камсыздоо, кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Улан Ниязбеков белгилегендей, биздин ведомстволор ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү биздин биргелешкен ишмердүүлүгүбүзгө гана эмес, эки элдин бир туугандыгына да негизделгени күмөнсүз, бул албетте жалпы аракеттердин жыйынтыгына оң таасирин тийгизерин өзгөчө белгиледи. Бүгүнкү жолугушуу биздин ишмердигибизде пайда болгон маанилүү маселелерди талкуулоого жана чечүүгө мүмкүнчүлүк берерин айтты.

Өз кезегинде Казакстандын ИИМ башчысы ведомстволор аралык кызматташтыктын жогорку деңгээлин белгилеп, өз ара аракеттенүүнүн бардык багыттары боюнча мындан ары да көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Тараптар боордош өлкөлөрдүн укук коргоо органдарынын кызматташтыгынын достук жана көп пландуу мүнөзүн баса белгилеп, эки мамлекеттин жарандарынын коопсуздугунун кызыкчылыктарында мындан ары да бекемделе берерине ишенимин билдиришти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн